«Клооп» Юстиция министрлигине каршы сотту жеңди, мекеме документтерди берүүдөн баш тарткан болчу

Бишкектин Административдик соту «Клооптун» Юстиция министрлигине каршы койгон доосун канааттандырды. «Клооп» соттон ведомствонун журналисттерге компаниялар тууралуу документтердин көчүрмөлөрүн бербөө үчүн колдонулган буйругун жокко чыгарууну суранган. Себеп дегенде бул журналисттердин иликтөөлөр боюнча ишин оорлотууда. Сот министрликтин буйругун жараксыз деп тааныды.

«Клооптун» адвокаты Фатима Якупбаева сот жыйынында Юстиция министрлигинин компаниялар тууралуу документтерди берүүгө тыюу салганга укугу жок болчу экенин билдирди. Мындан тышкары, юрист буйрук жок жерден кабыл алынган айтты, себеп дегенде ведомство мурда бул маалыматтарды берип келген, бирок 2019-жылдын ортосунан тартып бербей калган.

«Биз бул эмнеге байланыштуу экенин билбейбиз. Биз бул жерде “Клоопко” резонанстуу иликтөөлөрдүн айынан тандалма мамиле орун алууда деп эсептейбиз. Мыйзам бузулду деп эсептейбиз. Биз соттон министрликтин буйругун жокко чыгаруусун суранабыз», — деп билдирди ал.

Якупбаева сотко Юстиция министрлиги мурдаарак «Клоопко» компаниялардын каттоо, кайра каттоо жана башка маалыматтарынын көчүрмөлөрүн берип келгенин тастыктаган документтерди көрсөттү.

Якупбаева белгилегендей, журналисттерди кимдин кайда жашаганы, анын ичинде компаниялардын ээлеринин пасторттогу маалыматтары кызыктырбайт. Журналисттерге фирмалардын уставдык капиталы тууралуу маалымат керек, бирок бул учурда да аларга маалымат берүүдөн баш тартышат.

Юстиция министрлигинин өкүлү Жанара Замирбек кызы ведомство компаниялар тууралуу документтерди бербейт, анткени персоналдык маалыматтарды коргойт деп көшөрдү. Мындан тышкары, анын айтышынча, министрлик компаниялар тууралуу маалыматтарды бербеши керек, себеп дегенде мындай кызмат көрсөтүү каралган эмес.

«Маалымат берүү талап кылынганда — жоопту юстиция министрлиги түзөт, ал эми документтердин көчүрмөлөрүн талап кылышканда — министрлик аларды бере албайт. Бул башка мамлекеттик кызмат көрсөтүү», — деп билдирди ведомствонун өкүлү.

Судья эмне себептен юстиция министрлиги 2019-жылдын ортосуна чейин «Клоопко» документтерди берип, кийин берүүдөн баш тартканына кызыкты.

«Менин түшүнгөнүм боюнча, Юстиция министрлиги жашаган жерин жеке маалымат деп эсептейби? Бирок мурда ушундай маалымат камтылган документтерди берип келгенсиңер. Менин суроомо жооп берсеңиз, азыр документтерди берүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Эмне себептен? Эмненин негизинде? Мурда мыйзамды башкача түшүнгөн белеңер? Же башка бир укуктук-нормативдик актылар болгонбу?» — деп сурады судья.

Бул суроого юстиция министрлигинин өкүлү мурда кызматкерлердин шалаакы мамилесинен улам документтер берилип келген деп жооп берди.

«Мурда жеке маалыматтарды коргоо тууралуу өкмөттүн тапшырмасы гана болгон. Балким, кээде кызматкерлер өз милдеттерин так аткарбагандыктан документтерди берген учурлар болуп келгендир», — деди ал.

Жыйынтыгында сот «Клооптун» тарабын жактап, Юстиция министрлигинин буйругун жараксыз деп таануу боюнча чечим чыгарды.