Жапаровдун басма сөз катчысы болуп Галина Байтерек дайындалды

Теле алып баруучу Галина Байтерек президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу 29-октябрда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Галина Байтерек буга чейин КТРК мамлекеттик телеканалында программалардын алып баруучусу болуп иштеген. Ал талапкерлигин КТРКнын жетекчилик кызматына да койгон, бирок ошондо Жайнак Үсөн уулу жетекчи болуп дайындалган

Буга чейин Жапаровдун негизги басма сөз катчысы катары Дастан Дүйшекеев айтылып келген.

Мурдараак Kaktus.media басылмасы Дүйшекеевге кайрылып, соцтармактардагы «Садыр Жапаров» деген баракчалардын кайсынысы расмий экендигин тастыктоого аракет кылган.

Дүйшекеев Жапаровдун жалгыз расмий аккаунту бар экенин айтып, бирок кайсынысы экенин тактаган эмес.

Анын айтымында, Жапаровдун атынан билдирүү таратылып жаткан телеграм-канал дагы расмий эмес.

«Facebookта гана расмий баракчасы бар. "Расмий" деген белги коюлганда билип аласыңар», – деген ал.

Ошондой эле, ал Садыр Жапаровдун медиакомандасына кимдер кирет деген суроону дагы жоопсуз калтырган.