Ош милициясы Макрондун сүрөттөрүн жөө өтмөккө чаптагандарды издеп жатат

Ош шаарындагы жолго чапталган Франциянын преизденти Эммануэл Макрондун сүрөтү.

Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр өтчү жолго 30-октябрда Франциянын президенти Эммануэл Макрондун сүрөттөрү чапталды. Мындан тышкары мечиттердин биринде да Макрондун сүрөтү пайда болду. Сүрөттөрдүн бетинде бут кийимдин изи басылганын көрүүгө болот.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан аталган факт иликтенип жатканын, тергөөнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин «Клоопко» билдиришти.

«Тийиштүү бөлүмдүн кызматтары ишти эртең менен тергеп баштаган. Бул боюнча маалыматыбыз бар. Сүрөттөрдү чаптагандар изделип жатат», — дешти милициянын басма сөз кызматынан.

Франциянын борбору Парижде Charlie Hebdo чыгарган карикатураны окуучуларга көрсөткөн мектеп мугалими Сэмюэл Патин 16-октябрда ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн. Ага кол салган адам маркумду «Мухаммед пайгамбарды шылдың кылган» деп айыптаган. Кылмышка шектелип 18 жаштагы чечен улутундагы Абдуллах Анзоров кармалган.

Анзоровдун айтымында, мугалим 12-13 жаштагы окуучуларга сөз эркиндиги тууралуу сабак өтүп, ислам дининде урматталган Мухаммед пайгамбарга жасалган карикатуралар тууралуу айтып берген. Сабактын алдында мугалим ислам динин тутунган окуучуларды класстан чыгып кетүүгө сунуштаган. Анзоровдун билдирүүсүнө ылайык, ага «Мухаммед пайгамбар карикатуралардын объектиси боло алабы» деген суроонун коюлушу жаккан эмес. Ал пайгамбар үчүн өч алууну чечкен.

Макрон каза болгон мугалимди «көмүскөдөгү баатыр», кол салуунун өзүн «ислам теракты» деп атаган.

Бир күн мурда Ниццада жана Авиньон шаарларында да кол салуу орун алган. Ниццада куралданган киши чиркөөдөгү адамдарга кол салган. Анын жыйынтыгында үч адам каза болду. Бул кылмышка шектелип Тунистин 21 жаштагы жараны Брахим Ауисауи кармалды.

Ушул эле күнү Авиньон шаарында белгисиз киши полицияга кол салган. Аны коопсуздук кызматкерлери атып салышканы кабарланды.

Мындан тышкары Сауд Аравиясында Франциянын Жиддадагы консулдугунун кароолчусуна кол салган киши кармалды. Кароолчу жеңил жарат алганы кабарланды.