Жапаров: Коррупцияны конституциялык реформадан кийин жойбосок, азыр өтө татаал экен

29-октябрда жакында эле ант берген министрлер кабинетинин биринчи жыйыны өттү. Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өкмөттүн башкы максаттарын атап, конституциялык реформа тууралуу кеп козгоду.

Жапаров өлкө оор абалда экенин, чара көрүп бизнеске жардам берүү керектигин айтты.

«Биз чакан жана орто бизнести, инвесторлорду коргоону, бизнести туруктуу негизде жүргүзүүнү камсыз кылышыбыз керек», — деди ал «мамлекеттик саясат» кам көрүшү керек болгон беш милдетти аткарыш керектигин белгилеп.

  • Чакан, орто бизнести колдоо жана инвесторду коргоо;
  • Бюджетти колдоо;
  • Экспортттук-импорттук операцияларды колдоо;
  • Мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүүгө өткөрүү;
  • Административдик тоскоолдуктарды кыскартуу жана бизнести баштоонун жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү.

Бул милдеттерди аткаруу үчүн иш чаралар планы иштелип чыккан, ал эми экономика министри Санжар Мукамбетов аны кабыл алуу «бизнести коргоону камсыздаарын» билдирди.

Бизнести колдоо чараларын күчөтүү тапшырмасы каржы министрлигине да берилди. Ошондой эле министрликтен мамкарызды төлөө боюнча «конкреттүү чараларды» киргизүүнү суранышты. Айыл чарба министрлигине да ишканаларга колдоо көрсөтүү тапшырмасы берилди. Ал эми транспорт министрлиги жол тармагында коррупция менен күрөшүү үчүн «конкреттүү чараларды көрүшү» керек — 2020-жылы бул ведомствонун кызматкерлерине коррупция фактыларына байланыштуу бир нече кылмыш иши козголгон.

Чек ара кызматына да коррупция менен күрөшүү тапшырмасы берилди.

Коррупция менен күрөшүү, «конкреттүү чаралар» жана ишкерликти колдоо менен катар министрликтерге башка дагы тапшырмалар берилди — ансыз деле аткара турган милдеттери айтылды. Бул саламаттык сактоо министрлигине коронавирус менен күрөшүү, чек ара кызматына чектеш аймактарда тартипти орнотуу жана айыл чарба министрлигине ички рынокту азык-түлүк менен камсыздоо. Жапаров тапшырмалар аткарылбаса министрлер «жеке жоопкерчилик» тартат деп айтты.

Жапаров коррупцияга каршы күрөшүү тапшырмасын бергени менен аны конституциялык реформасыз жоюу мүмкүн эместигин билдирди.

«Коррупция менен күрөш өтө татаал болуп жатат. Чырмалышып калган экен. Муну конституциялык реформа жасап, башкаруу системасына өзгөртүү киргизгенден кийин гана жоё албасак, азыр жоюу өтө татаал экен. Бирок, колдон келген аракетибизди кылып жатабыз. Бүт дүйнө пайда тапкан бажыдан бизге эмнеге киреше кирбейт? Жол курууга ири насыялар алынган, эмнеге жолдорубуз жаман? Дүйнөдө наркобарондор бар, ал эми бизде энергобарондор болуп жатат», — деди ал.