Данияр Аманалиев — Кыргызстандагы ololo коворкинг жана арт-студиялар тармагынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Материалдын түп нускасы Данияр Аманалиевдин фейсбук барагында жарыяланган.

Коррупцияга каршы күрөшүүнү коррупционерлерди кустуруу менен чаташтырбайлы. Экөө дээрлик карама-каршы нерсе.

Коррупция менен күрөшкүсү келгендер адамдардын жашоосун жеңилдетет: аларды лицензия, маалымкат, уруксат кагаздарын алуудан же мамлекеттик аткаминерлер менен жолугушуудан кутултат. Бул өзгөчө мамлекеттин өз жарандарына кылган мамилесинен дароо байкалат — жарандары букара эмес, кардары болгондой мамиле жасай баштайт. Чиновниктердин саны да азаят. Ошондо адамдарда пара берүүгө дагы негиз болбойт.


Коррупционерлерге каршы күрөш эки эсе көп жемкорлорду пайда кылат.


Жемкорлордун жаңы тобу жем жечү акырга келгенде, мурда уурдап, ныксырап тойгондорду өздөрүнө окшогон коррупционерлер «саап» аткан болот. Уурдап бүткөндөр аз-маз түрмөгө отуруп чыгып, кайра эле тойгондордун ордун алмаштырат. Эми тойгондор кайрадан «саанчылардын» чеңгелине түшөт. Оюндун мындай кайталанма эрежеси жаңы чиновниктерди өз учурунда качып кетем деген ойго түртөт. Ал үчүн колдон келишинче көбүрөөк уурдап жетишүү керек болот.


Коррупционерлерге каршы күрөшүү — бул бар байлыкты эскилер менен жаңылардын ортосунда бөлүштүрүү.


Биз коррупция менен чыныгы күрөш кандай болорун түшүнмөйүнчө, ушул жол менен алданганыбыз алданган.

Садыр Жапаров 2020-жылдын 16-октябрындагы элге кайрылуусунда коррупция менен реалдуу күрөшүүгө үндөшкөн ойлорду айткан. Сиз дагы анын сөзүнө кулап төшөп көрсөңөр:

«Менин максатым — өлкөдө адилеттүүлүктү орнотуу, коррупция менен реалдуу күрөшүү. Мындан ары коррупция менен күрөшүү – саясий оппоненттердин көзүн тазалоонун инструменти болуудан калат.

Саясий куугунтук дегенди менден ашык жон тери менен сезген саясатчы жоктур! Азыр да, көпчүлүк саясатчылар саясий мотивдер менен соттолгон. Бирок бүгүн аларга өздөрүнүн күнөөсүз экенин ачык процесстерде далилдей турган мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анткени сотторго жана прокурорлорго эч ким кысым көрсөтпөйт. Мунун баары адилеттүү, акыйкат, жаңы сот өндүрүшүнүн башталышы болуп калат.

Кандай гана саясий фигура болбосун, коррупцияга аралашса, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Жемкорлукка каршы күрөштө бизге сиздин жардамыңыз керек болот.

Соттук реформалар мындан ары президенттик аппарат тарабынан эмес, коомчулуктун көзөмөлүндө жүргүзүлөт.

Баарынан мурда биз 700 млн долларды Кыргызстандан чыгарып кетүү боюнча шек саналган Матраимовдор жана башка схемалуу коррупцияларды түзүп, элдин ырыскысына кол салган бардык тармактардагы коррупционерлерди катаал жаза менен жоопко тартабыз. Укук коргоо органдарына тийиштүү тапшырмалар берилди. Жакынкы убактарда биз ишибиздин жыйынтыгын көрсөтөбүз.

Коррупция менен күрөшүү — бул түрмөлөрдү толтуруу эмес, бул укук коргоо органдарына бардык укуктарды берүү эмес. Коррупция менен күрөшүү — бул жөнөкөй, түшүнүктүү жана аткарылуучу МЫЙЗАМДАР. Ал баарына бирдей иштейт».

Ушул эле сөзүндө улантып:

«Биз реформалар боюнча атайын комиссия түзөбүз, аталган комиссия Кыргызстандын экономикасын башкаруудагы мамилелерди өзгөртөт.

Жаңы доор мамлекеттик башкаруу системасында жаңы мамилелерди талап кылууда. Заманбап технологиялар чиновниктердин жана бюрократтардын салмактуу бөлүгүн кыскартууга жол ачууда.

Ошондуктан кереги жок мамлекеттик структуралар жакынкы аралыкта жоюлат. Айрыкча президенттик аппаратта, өкмөттүн аппаратында катуу өзгөрүүлөр, оптималдаштыруу болот. Кыскартууларды биз өзүбүздөн баштайбыз», — деген ал.

Бирок, ал текстти жазбай эле, даярын окуп берген окшойт.

Окуган соң, чыныгы «джентльмен удачи» сыяктуу дүкөн кыдырганы кетиптир.