Финпол Кыргызстандан Кытайга 180 млн доллар чыгарылган схеманы аныктады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (финпол) Кыргызстандан ири өлчөмдөгү кылмыштуу киреше чыгарылып турган схеманы аныктады. Басма сөз кызматтын маалыматына караганда, кылмыштуу топ республикадан 180 млн доллардан ашык каражатты товар үчүн төлөм деген шылтоо менен Кытайга алып чыгып кеткен.

«Аталган топтун Кыргызстандын аймагындагы кылмыштуу иштеринин натыйжасында салык түрүндө төлөнбөй калган каражат катары бюджетке 1,1 млрд сом өлчөмүндө зыян келтирилген»», — деп кабарлашты ведомстводон.

Финпол Кытайга акча ташыган шектүү курьерлердин бирин да кармады. Бишкектин Биринчи май райсоту аны борбор калаадагы ТИЗО-1ге киргизүү боюнча чечим чыгарды. Аталган иш боюнча тергөө уланууда, акча чыгаруу боюнча схемага тиешеси барларды издөө уланууда.

Бул Кыргызстандан акча чыгаруу боюнча бети ачылган алгачкы схема эмес. Эң масштабдуу схемалардын бирин «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттери Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылып кетиши тууралуу иликтөөсүндө аныкташкан.

Журналисттик иликтөөнүн башкы фигуранттарынын бири — мурдагы бажычы Райымбек Матраимов. Ал мыйзамсыз жол менен табылган миллиондогон долларды Кыргызстандан чет өлкөгө чыгарып турган курьерлердин тобун тескеген.

Матраимов өлкөдө бийлик алмашкандан кийин кармалып, бирок эртеси күнү кайра коё берилген. Ал мамлекеттин эсебине 2 млрд сом төлөп берүүгө макул болгон.

Тема боюнча: