Сүрөт: «CNN Türk» басылмасы

30-октябрда Түркиянын батыш аймактарында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын кесепетинен 79 киши каза болгону кабарланууда. Мындан сырткары 962 адам ар кандай жаракат алган — анын 743ү ооруканалардан чыгарылган. Калган 219 бейтап дарыланууну улантууда.

Жер титирөөнүн кесепетинен эң көп Измир шаарынын Сеферисихар жана Байраклы аймактары зыян тартты. Ошондой эле Сеферисихардын көчөлөрүн цунаминин суулары басты. Учурда кулап түшкөн 17 имараттын сегизинде издөө иштери жүрүүдө, калган тогуз имаратта иштер аяктады.

Зилзаланын радиусу 16 километрди түзүп, ал Измирден сырткары Айдын, Мугла, Маниса, Денизли, Чанаккале, Бурса, Стамбул, Ушак, Күтахья, Бурса, Ялова, Текирдаг жана Эдирне шаарларында сезилди.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги жер титирөөдө жабыркаган кыргызстандыктар тууралуу маалымат жок экенин кабарлады.