ССМдин алдындагы митинг: Гемодиализ алган оорулуулулар «барымтада калганын» айтып чыгышты

4-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинин алдында өнөкөт бөйрөк кемтиги оорусуна чалдыгып, гемодиализ алган бейтаптардын митинги өттү. Алар «Фрезениус» гемодиализ борбору дармектерди тандоодо алардын укугун бузуп жатканын билдиришти.

«Гемоглобинди көтөрө турган “Рекормон” деген түп нуска препараты “Эпосан” биосимилярына алмаштырылган», — деп айтышты митингчилер.

Ошондой эле, митингге чогулгандар аларды гемодиализди бир эле борбордо алууга мажбурлоого каршы чыгышты. Алардын айтымында, «Фрезениустун» бейтаптары «барымтада» калган — аларга мыйзамда каралгандай өз ыктыяры менен гемодиализдик борбор тандоого жана Кыргызстан боюнча жүрүүгө уруксат берилбейт.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев митингчилер менен жолугуп, маселени иликтеп чыгуу үчүн ишембиге чейин убакыт берүүнү өтүндү. Министрдин айтымында, ал нараазычылыкка чыккан тараптын лидерлери менен узап аткан аптанын аягында жолугуп, маселени талкуулайт.

Ошондой эле, гемодиализ алгандар президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровго кат жолдоп, Саламаттык сактоо министрлиги менен «Фрезениус» фирмасынын өнөктөштүгүн текшерүүгө алууну өтүнүшкөн. Алардын айтымында, алар бейтаптардын укугун бузуу менен чектелбестен, гемодиализ кызматынын баасын да жогору коюп алышкан.

«“Фрезениустун” ар бир бейтабына мамлекет 2 112,50 сом ашыкча төлөп жатат. Мамлекет бир жылда 100 436 700 млн сом ашык төлөйт. Бул акчага бюджеттик диализге кезекте турушкан 5-стадиядагы ӨБК [өнөкөт бөйрөк кемтиги] менен ооругандар бекер диализ ала алышмак», — деп билдиришет «Гемодиализ менен ооругандар бирикмесинен».

«Фрезениус» борбору тууралуу эмне белгилүү?

Fresenius Medical Care — өнөкөт бөйрөк кемтигин дарылоого байланышкан каражаттар жана кызматтар менен иш-алып барган дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын бири. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Fresenius Medical Care менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында гемодиализ кызматын көрсөтүү багытында 2017-жылы макулдашууга кол койгон. Андан бери өнөкөт бөйрөк кемтиги менен жабыркагандар үчүн төрт борбор иштеп келет. Алардын экөө Бишкек шаарында жайгашкан.

2018-жылы гемодиализ менен мамлекет тарабынан камсыздалган бейтаптар дагы нааразычылыгын билдирген. Анда Саламаттык сактоо министрлиги сыноодон өткөн швейцариялык «Рекормон» каражатын Индияда чыгарылган «Репоитин» каражатына алмаштырылган болчу. Нааразычылыктан кийин министрлик аларды «Рекормон» менен камсыздап, андан соң Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы бейтаптарды «Фрезениуска» өткөрүп берген.

Аталган компанияны дүйнө жүзү боюнча гемодиализ кызматын көрсөткөн башка фирмаларга салыштырмалуу баасы кымбат деп бир нече жолу айыпташкан. Ал эми АКШнын Юстиция министрлиги 2019-жылы Fresenius Medical Care компаниясын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү аткаминерлерге жана 13 өлкөнүн бийлик органдарына пара берет деп айыптап, 231 млн доллар өлчөмүндөгү айып төлөөгө милдеттендирген.