«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 4-ноябрдагы парламенттин жыйынында президенттик башкарууга кайтып барсак Кыргызстан 30 жылга артка кетет деп билдирди.
Аны менен катар өлкөдө президенттик система орной турган болсо, Кыргызстан авторитардык режимдеги өлкөлөрдун катарына кирет деп белгиледи.
«ЖККУ деген уюм бар, 59 өлкө мүчө, алардын арасында Кыргызстан дагы бар. Ошол жерде бир эле накта президенттик башкаруусу бар мамлекет бар — бул АКШ. Европада 38ге жакын өлкө бар, бир дагы президенттик система жок. Муруңку СССР деген өлкө бар бизде, анын 9у парламенттикке өттү, 6 өлкө жарым президенттик өлкөлөр — бул Түркмөнстан — муну президенттик деп койсо болот, Тажикстан, Өзбекстан, мына биз ушулардын катарына барып киргени турабыз. Америкадагы система Кыргызстанга өтпөйт. [...] Ушундай менталитет менен кантип Американын моделин алып келмек элек? Америкада 50 штат бар, көз каранды эмес, көз каранды эмес соттору бар, ал жакта чыныгы сөз эркиндиги бар. Бизге бардыгын тең салмактап турган парламенттик система керек», — деди Текебаев.
Андан соң президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек Текебаевдин сөзүнө жооп кылып, конституциялык реформа – бул «мезгилдин жана элдин талабы» деп билдирген.
«Конституциялык реформа жүргүзүүдө өлкөнүн соңку 30 жылдык тажрыйбасын эске алуу зарыл. Кыргызстандагы саясий партиялар иш жүзүндө жабык акционердик коомго айланып калгандыктан парламенттик башкаруу системасы өз натыйжасын бере алган жок. Соңку он жылда саясий партиялар таасир этүү талашы менен алек болуп, мунун баары мамлекеттик башкаруу системасына терс таасирин тийгизди», – деди ал.
Байтеректин пикиринде, партиялык системанын кесепетинен партиялар кабыл алган саясатына, анын таасиринин бар же жогуна жеке жоопкерчиликти албай калышкан. Аны менен катар, президенттик башкаруу өлкөнү авторитардык режимге кайтып келди дегенди түшүндүрбөйт деп белгиледи.
«Авторитаризмге жол бербеш үчүн тең салмактуулуктун реалдуу механизмдери бар. Бирок эң башкысы — бул элдин эркиндикке болгон духу, акылмандгы, аны менен жаңы шайланган президент эсептешиши керек. Ошондуктан эл, бийликтин булагы жана ээси катары өзүнө жакын башкаруу формасын тандап алышы керек», — деп комментарий берди Галина Байтерек.
Конституциялык реформа
3-ноябрь күнү президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы конституциялык реформа боюнча кезектеги билдирүүсү жарыяланды. Жапаров бул тууралуу 6-октябрда тарапташтарынын жардамы менен колониядан бошотулган күндөн бери айтып келет.
«Конституциялык реформаларга барабыз деп долбоорлорду даярдадык. Бут тосуу абдан күч. “Бийликти узурпация кылганы жатат, Түркмөнстан болгону жатат, Конституцияны жабык эшик артында даярдап жатышат” деп сындашууда. Эч кандай жабык даярдалган жок жана даярдалбайт дагы. Бардыгы коомчулуктун талкуусуна чыгат», — деген Жапаров.
Премьердин басма сөз катчысы Галина Байтерек конституциялык реформанын долбоорун иштеп чыгуу үчүн саясатчылардан, жарандык активисттерден жана эксперттерден куралган Конституциялык кеңеш түзүлөт деп билдирген.
«Долбоордун ар кандай саясий топтор, жарандык активисттер, эксперттер сунуштаган бир нече варианттары иштелип жатат. Конституциянын бирдиктүү долбоорунун үстүнөн иштөө үчүн коомчулук менен кеңири консультация өтөт. Кесипкөй жана жөндөмдүү адамдар конституциялык кеңешменин курамына чакырылат. Эшиктерибиз баарына ачык», — деди ал.
Конституцияга ылайык, референдум өткөрүүнү парламенттин депутаттары, 10 миң шайлоочу же өкмөт демилгелей алат. Анткен менен бул учурда конституциялык реформаны президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров демилгелеп жатат.
Жапаровдун «конституциялык реформа жүргүзүү идеясын эл колдойт» деген билдирүүсүнө карабай, жарандык коом өлкөнүн баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы. Юристтер, депутаттар Жапаров конституциялык реформа жасоону регламент тартибин жана адам укуктарын бузуу аркылуу өткөрө турган мыйзам кабыл алды деп эсептейт.
Алардын айтымында, мыйзам долбоору «жогорудан» түшкөн, ал коомчулук тарабынан талкууланган эмес, ошондой эле дароо үч окуудан кабыл алынган.
Кыргызстандагы саясий кризис
Кыргызстанда октябрь айынын алгачкы аптасынан бери саясий кризис өкүм сүрүүдө. 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин Бишкекте митинг башталган. Шайлоонун жыйынтыгына макул эместер борбордук Ала-Тоо аянтына чогулушкан.
БШК жарыялаган жыйынтык боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ошол учурдагы бийликке тиешелүү делген партиялар өтүп жаткан. Алар — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары.
5-октябрдан алтысына караган түнү митингчилер менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп, натыйжада Ак үй басып алынган. Башаламандык учурунда протестке чыккандар бир катар камактагы адамдарды бошоткон. Алардын арасында Садыр Жапаров болгон. Жапаров 2013-жылдагы адамдарды барымтага алуу иши боюнча 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан болчу.
Жапаров абактан бошотулгандан кийин өзүн премьер-министр атап алган.
Алтынчы чакырылыштын депутаттары үч жолку аракеттен кийин гана Жапаровду премьер-министрликке бекиткен — бардык добуш берүүлөр митинг өткөрүү, эл өкүлдөрүнүн дарегине коркутуулар менен коштолгон.
Жапаров ошол эле күнү эки тараптуу макулдашууга ылайык, Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кыларын айткан. 16-октябрда депутаттар Жээнбековдун отставкасын кабыл алып, президенттин милдетин аткаруучу жана ошол эле учурда премьер-министрлик милдетти Садыр Жапаров өзүнө алган. Анткени парламенттин спикери Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан.