Жапаров Жалал-Абадда жергиликтүү тургундар талкалап кеткен кендерге барды

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары учурунда «Каз Минералз Бозымчак» жана «Терек Сай» кендерине барды. Ал жергиликтүү тургундар менен жолугуп, тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүү жана жаңжалдарды чечүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Жапаров тармактын өлкө экономикасы үчүн мааниси зор экенин, андыктан өндүрүшчүлөр менен жергиликтүү жашоочулардын ортосундагы мамилени жакшыртуу керектигин белгиледи.

«“Терек Сайда”уулуу калдыктарды сактоочу жай куруу боюнча даярдык иштери жүрүүдө. Аны курууда экологиялык коопсуздуктун бардык талаптары сакталышы керек. Ишти жергиликтүү калк менен тыгыз аракеттешүү менен жүргүзүш керек, ачык диалог болушу зарыл», — деди Жапаров.

Анын айтымында, «Терек Сай» кени аркылуу мамлекеттин казынасына чоң киреше түшүшү мүмкүн.

*«Терек-Сай» кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында жайгашкан. «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы — биргелешкен ишкана. 25% капитал «Кыргызалтын» ААКга, 75% — түркиялык «Эти Бакыр» компаниясына таандык.

«Бир эле мисал “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы боюнча маалымат менен бөлүшө кетейин. Компаниянын божомолу боюнча, толук кандуу иштеп баштаганда бюджетке 63 млн доллар берип турат. Бул чоң сумма. Чаткал районуна 3 млн 570 миң доллар берүү милдетин алган. Мындан тышкары 20 млн доллар “Кыргыз алтын” дивиденд катары алат. Бул мамлекеттик ишкана. Менин пикиримде, мыйзамдуу иштеген компаниялардын ишине тоскоолдук жаратпоо керек», — деди Жапаров.

Кен чыккан жерлердеги башаламандыктар

Октябрдын башында Жалал-Абад облусундагы кендерге жергиликтүү тургундар кол салып, анын кесепетинен компаниялар ишмердигин убактылуу токтууга мажбур болушкан.

Айыл тургундары кен казуучу компаниялардын ишине нааразы болуп, бир катар талаптарын айткан. Мисалы, алар «Каз Минералз Бозымчак» компаниясы айлана-чөйрөнү булгабасын деген талабын билдиришкен.

«Суу жээктеп ири автоунаалар өтөт. Көк-Серек айылынын эли суу ичкен дарыяда химиялык заттар бар, жолдор жарактан чыккан. Ошол себептүү нааразычылыктар пайда болду. Биз жергиликтүү тургундарды жумушка алуу талабын дагы коюп жатабыз. Алар өздөрүнүн жетекчилеринин бала-чакасын, тууган-уругун, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жумушка алып алышкан. Жөнөкөй адам иштебейт ал жакта, — деп «Азаттыкка» жергиликтүү тургун Абдыганы Үсөнбаев айтып берген.

* Казакстандын «Каз Минералз Бозымчак» компаниясы KAZ Minerals PLC тобуна кирет жана Кыргызстанда 2007-жылдан бери иштеп келет.

KAZ Minerals Чыгыш Казакстан облусунда төрт жер астындагы кенге, төрт байытуучу фабрикага жана Кыргызстандагы Бозымчак ачык кенине ээлик кылат. Ал жакта 2015-жылдын августунан бери «Бозымчак» тоо-кен байытуучу комбинат иштеп келет.

«Каз Минералз Бозымчак» кенинин талоонго түшүшүнө Казакстан нааразы болгон. «Казах Экспорттун» башчысы бул тууралуу Кыргызстандын ТИМинин башчысы Руслан Казакбаев менен анын Казакстанга болгон иш сапары учурунда сүйлөшкөн.

Казакбаев коңшу өлкөгө Кыргызстанга финансылык жардам суроо үчүн барган.

ТИМдин маалыматы боюнча, Кыргызстанга финансылык жардам өлкөнүн бюджетин колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн керек.