6-ноябрда «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Жогорку Кеңештин имаратын курчап турган темир тосмолорду ала башташты. Бул иш парламенттин спикери Талант Мамытовдун демилгеси менен жасалды. Мамытовдун айтымында, тосмолордун алынышы «элге жакын болууга» шарт түзөт.
Анткен менен өлкө көз карандысыздыкка ээ болгон жылдар аралыгында ар кандай активисттер жана депутаттар Ак үйдү курчап турган тосмолорду алып салууну далай ирет сунушташкан.
2012-жылы «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева тосмону алуу керек деп айткан. Жолдошева бул пикирин партиялаштары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов Ак үйгө кирүү үчүн тосмону ашып өтүүгө жасаган аракеттеринен кийин айткан болчу.
Ошол эле жылы активист Максат Жумабаев да Ак үйдү сыйлап, андагы митаамдардан арылуу үчүн тосмолорду алып салууну сунуштаган.
2013-жылы «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Курмантай Абдиев да Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун бийликти күч менен басып алууга байланыштуу иши боюнча өтүп жаткан сотто тосмолорду алып салыш керектигин айткан.
Ал саясатчыларды тосмодон ашууга көкүтүшкөн деген пикирди карманган.
Ал эми 2014-жылы тосмону алып таштоо тууралуу «Ар-Намыс» партиясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу айта баштаган. Бакир уулу тосмону жаманчылыктын башаты катары сыпаттаган.
Акыркы жолу тосмодон арылуу демилгесин 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, саясий крисиз башталгандан кийин өзүн-өзү калаа мэри деп жарыялап алган Жоошбек Коеналиев көтөрүп чыккан.
Алтургай Коёналиев мэрлик кызматта отурганда буйрук чыгарууга да жетишип, тосмолорду бир күндүн ичинде алып салууну тапшырган. Бирок анын буйругу аткарылбай калган.