ТИМ: Өзбекстан COVID-19га каршы күрөштө финансылык жардам берүүгө даяр

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 6-ноябрда Өзбекстанга болгон иш сапарында өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукту. Аткаминерлер Кыргызстандагы саясий кырдаалды жана эки өлкөнүн өз ара кызматташтыгын талкуулашты.

Кыргызстандын ТИМнин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өзбек тарап алдыдагы реформаларды ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

«Өзбекстан экономика жана COVID-19 менен күрөшүүгө жардам иретинде финансылык-техникалык жана азык-түлүк жаатында колдоо көрсөтүүгө даяр. Ошондой эле, өзбек тарап Кыргызстандын аймагында ден соолукту чыңдоочу мекемелерди курууга даярдыгын билдирди», — дейт Кыргызстандын ТИМнин басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, аткаминерлер Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунуну курулушун жана чек ара аймактарындагы соода-логистикалык борборлордун маанилүүлүгүн талкуулашты.

Ушул эле күнү Казакбаев Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен да жолукту. Эки тарап кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация жана демаркация процессин аягына чыгаруу маселесин талкуулаган.

*Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 388 километрге чейин жетет. Алардын ичинен 1 170,53 километри белгиленип, делимитацияланган. Бүгүнкү күндө 200дөн ашуун километри такталбаган бойдон калууда.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев буга чейин дагы коңшу мамлекеттерге финансылык колдоо сурап кайрылган. Октябрда Казакстандын президенти жана премьер-министри менен жолугушуу өткөн.

Казакбаев Кыргызстанга өлкөнүн бюджетин колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн финансылык жардам керектигин айткан. Ошондой эле ал Казакстандан саламаттык сактоо тармагы үчүн дары-дармек жана коргонуу каражаттарын сураган.

Коронавирус пандемиясынан жана саясий толкундоолордон улам Кыргызстан узакка созулган экономикалык кризиске дуушар болду. Бюджеттин тартыштыгы рекорддук 35,6 млрд сомго жетип, ал эми тышкы донорлор менен насыя берүүчүлөр республикага берилип жаткан финансылык жардамдарын токтотушту.