Журналист Ыдырыс Исаков видео-иликтөө чыгарды. Ал бийлик Ош шаарынын чет жакасындагы Кең-Сай турак массивин кантип өздөштүргөнүн айтып берген. Курулуш иштери 2011-жылы эле Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп турган учурда башталган. Бирок учурда ал жакта «кумурска, кескелдириктен башка эч ким» жашабайт, себеп дегенде суу да, электр жарыгы да, жол да жок.

Исаков видео иликтөөсүндө 2010-жылы болгон Ош окуяларынан кийин жери жок шаар тургундары Оштун чет жакасындагы аймактарды басып ала башташканын түшүндүрөт. Ал учурда Ош шаарынын жана Ош облусунун бийлиги жер басып алууну токтотуш үчүн Кең-Сай массивин жер тилкелерине бөлүштүрүп, адамдарга таркатып берүүнү чечкен. Натыйжада массивдин 1 624 гектары 10 500 адамдын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

«Андан бери 9 жыл өттү, 9 жылдан бери эч нерсе өзгөргөн жок. Бул жакка бөлүнгөн акчалардын дайыны жок — кумга сиңдендей болуп жоголуп кеткен», — дейт журналист ээнсиреген жерде курулган үйдүн алдында туруп.

Миллиард(дар)

Исаковдун айтымында, бул аймакты өздөштүрүү үчүн гана 10 млрд сом талап кылынып, анын ичинен 1 млрд сомун бийлик бөлүп берген.

«Элди ишендирүү үчүн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынан 257 млн сом дароо бөлүнгөн. Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, 139 млн сомдук гана иш аткарылган», — дейт журналист.

Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы (ККБ) Кең-Сай массивин өздөштүрүүгө дагы 730 млн сом бөлгөн.

Кошумча 730 млн сомду Ош облусунун ККБсы тарабынан бөлүнгөн.


Фирма 9 жыл ичинде иш кылган эмес.


«Мисалы, Кен Сайды свет менен камсыздоого СУТрансПромЖилСтрой аттуу фирмага 240 млн сомдук буюртма берилген. Капиталдык курулуш башкармалыгы ал фирмага 205 млн сомду дароо которуп берген. Дагы 35 млн сомду которуп бере элек. Ал эми фирма болсо 9 жыл ичинде Орусиядан эки трансформаторду алып келип койгондон башка иш кылган эмес. Атайын комиссия бул фирма 134 млн сомдук гана иш аткарган деген тыянакка келген», — деп кабарлайт журналист.

Өндүрүүчүлөрдүн өздөрүнүн баасы боюнча бул транформаторлордун ар бири 10-11 млн сомго чукул акчаны түзөт. Бирок, журналисттин маалыматына ылайык, отчёттордо алардын баасы 40-50 млн сом деп көрсөтүлгөн.

«Мына ошонун айынанбы же дагы башка себептерден уламбы, тогуз жылдан бери трансформаторлорго келген сым жетпей турат. Элде болсо, бул жерде ээн талаага мамыларды орнотуп койгондуктан, бул ээн талаа азыр Кең-Сай массиви, сымы жок жылаңач мамылардын чытырман токою деп аталып жатат», — деди Исаков.

Ош облустук ККБнын башчысынын орун басары Дамир Калыкбердиев курулуш иштери «акча каражатына ылайык жүргүзүлгөнүн», бирок андан ары улантуу үчүн акча керектелерин журналистке билдирген.


9 жыл аралыгында массив 10% гана өздөштүрүлгөн


Жээнбековдон эч кандай аракет болгон эмес

«Бул миллиондор 2011-2013-жылдары бөлүнгөн. Сооронбай Жээнбеков 2010-2015-жылдары Ош облусунун губернатору болуп турганда, өзүнүн убадаларына карабай, Кең-Сай массивин өздөштүрүүгө кичинекей дагы аракет кылган эмес. Кийин өкмөт башчы, президент болгонунда деле эске алган жок», — деп белгилейт Исаков.

Журналист жер бөлүштүрүү комиссиясын жетектеген Эмил Рахманов менен байланышкан. Рахманов жерлердин көпчүлүк бөлүгү Жээнбеков башчы болуп турганда облустук администрация аркылуу бөлүштүрүлгөнүн бышыктаган.

«Кең-Сай экиге бөлүнгөн: бир жагы 500 га мэрия аркылуу бөлүнгөн, 1200 га облустук администрация аркылуу бөлүнгөн. Баары мамдирекция аркылуу болгон — өкмөттөн борборлорштурулуп бөлүнөт эле. Мэрия ал жакта эч кандай акча короткон эмес», — деп айтып берди Рахманов.

Исаков «бийликке ишенип, Кең-Сайдан жер тикесин алган» 10 500 тургундун бирөөсүн тапкан. Алимбек Бегалиев журналистке ушул тапта Ош шаарында 3 бөлмөлүү батирде аялы, уул-келини жана алты небереси менен жашап жатканын айтып берген.

«Бул жерге свет, суу барыш керек, жол курулушу керек. Ушулар [жасалса] биз ошого аракет кылат элек. Азыр 10 адам бир үйдө жашайбыз, бөлүнө албай жүрөбүз», — деп айтып берди тургундардын бири.