Кыргызстандын экс-президенттери Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышты.

Жээнбеков оставкага кеткенден кийин алгачкы жолу расмий иш-чарага катышып жатат.

Ошондой эле мемориалдык комплекске Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Камсамбетов жана Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев гүлчамбар коюшту.

Иш-чаранын катышуучулары куран окуп, 1916-жылдагы Үркүн, саясий репрессиялардын курмандыктарынынын эстелигине, Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө жана 2010-жылдагы апрель революциясынын курмандыктарынын мемориалына да гүл коюшту.