Жапаров Нарын облусунун милиция кызматкерлерине эмнелерди убада кылды?

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Нарын облусунда укук коргоо орган кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйдүн ачылышында милиционерлердин маянасын көбөйтүү маселесин карап көрөөрүн билдирди. Ал күч түзүмдөрүндөгү коррупцияга дал ошол милиция кызматкерлеринин айлыгы төмөн болуп аткандыгы себеп деп эсептейт.

«Эмгек акысы аз мекемеде сөзсүз коррупция болот. Үй-бүлө, бала-чака багыш керек, окутуп-чокутуш керек, кийинтиш керек дегендей. Ага силердин эмгек акыңар жетпейт. Бирок 30 жыл чыдап келгенсиңер, бир жыл, бир жарым жыл белиңерди бекем бууп, бүгүнкү эмгек акыңар менен иштеп, чыдап тургула», — деди Жапаров.

Аны менен катар, укук коргоо органдарынын ар бир кызматкерин жеке менчик үй менен камсыз кылуу планын айтып өттү.

«Ошого жетебиз деген терең ишенимдебиз. Анткени ишти бир айдан бери баштап атабыз — кандай жол менен жетерибизге көзүбүз жетти. Буга сиздердин тартипти, адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту орнотууда, коррупцияны түп тамырынан жоюш үчүн жардамыңыздар керек болот», — деп белгиледи Жапаров.

Реформа өткөрүп, мыйзамдарды өзгөртөбүз

Жапаров жарандарды майда-чүйдө кылмышы үчүн эркинен ажыраткан Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамын өзгөртүү керек деп эсептейт.

«Адамдарды штраф салуу жана тартипке чакыруу жолдору менен жоопкерчиликке тартыш керек. [...] Түрмөдө накта кылмышкерлер отурушу керек, майда-чүйдө, эми турмуш-тиричиликте кылмыш жасагандарды камаштын керекги жок», — деди Жапаров.

Жапаров абактарда аларды камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттен чоң суммадагы каражат сарпталып жатканын белгиледи.

«Аларды камсыздоого миллиондогон акчалар кетип жатат. Бир эле мисалды айтайын: маршруткада бирөөнүн 2 миң сомдук телефонун алып койгон экен. Ал үчүн 8 жыл камалган экен. Мына ла 5 жыл жатты, дагы үч жылы калды. 5 жылда ошол жок эле дегенде мамлекет ага 500 миң сом акча коротту — үч маал тамак, кийим-кече жана башкалары», — деди Жапаров.

Анын айтымында, укук бузгандар абактарга камалгандан көрө, айып төлөсө, мамлекеттик бюджетке кошумча каражат түшмөк.

«Мисалы айып салып, аны бир жылга же эки жылга бөлүп, ай сайын ушунча сумманы төлөйсүң деп койсо болот. Ошондо тартипке дагы чакырган болобуз, мамлекеттин казынасына дагы пайда келтирген болобуз. Элдин эсебинен аларды бакпайбыз. Алар тескерисинче мамлекетке пайда келтирип турушу керек. Биз ушундай жолдорго барабыз», — деп билдирди Жапаров.

Жапаровдун президенттик шайлоо алдындагы аймактарды кыдыруусу

Президентин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандын облустары боюнча жасаган жумушчу сапары учурунда Нарын облусуна экинчи ирет барууда. Бул жолу ал облуска Жогорку Нарын ГЭС каскадын көрүү жана күч кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйдүн ачылышына катышуу үчүн келген.

Жапаров буга чейин 25-октябрда Нарын облусуна келип, Мантыш айылындагы социалдык айылдын курулушунун пайдубалына капсула салган. Бул Жапаровдун премьер-министрликке дайындалгандан кийинки алгачкы расмий иш сапары болгон. Дал ушул визит учурунда президентикке ат салыша турганын дагы жарыялаган.

Жапаров Нарындан сырткары Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын кыдырган. Ар бир облустта Жапаров жергиликтүү эл менен массалык жолугушууларды өткөрүп, ага жүздөгөн адамдар келген.

Кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президентикке талапкер болуу үчүн Жапаров өлкө башчысы жана премьер-министрлик ыйгарым укуктарын өткөрүп бериши керек. Жапаровдун аймактарды кыдыруусу расмий эмес шайлоо үгүтү сыяктанат.

Президентикке талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт жарышы 15-декабрда башталат. 9-ноябрга карата БШКга президентикке талапкер катары катталууга 9 адам арыз берген.