Өлкөдө коронавирустун жаңы 570 учуру катталды — жалпы 63 960 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 10-ноябрда Кыргызстанда коронавирустун жаңы 570 учуру катталганын маалымдады. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында беш медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 121;

Ош шаары — 114;

Чүй облусу — 85;

Баткен облусу — 82;

Жалал-Абад облусу — 61;

Ысык-Көл облусу — 51 (үч медкызматкер);

Ош облусу — 30;

Талас облусу — 21 (эки медкызматкер);

Нарын облусу — 5.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 416 бейтап айыкты — алардын арасында тогуз медкызматкер бар. Мындан сырткары ооруну жуктурган үч киши көз жумду.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Жалал-Абад облусунда катталды — 91. Ошондой эле Бишкек шаарында — 75, Баткен облусунда — 69, Ош облусунда — 56, Чүй облусунда — 53, Ош шаарында — 26, Ысык-Көл облусунда — 18, Талас облусунда — 23 жана Нарын облусунда бешбейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 63 960ка жетти. Анын ичинен 54 774 бейтап айыгып, 1 185 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 3 444 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 141 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 892 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.