Матраимовдордун «Клооп» жана «Азаттыкка» каршы доосу боюнча сот декабрга жылды

Бишкектин Свердлов районду соту Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Клооп», «Азаттык» басылмаларына жана журналист Али Токтакуновго каршы койгон доосу боюнча ишти 12-ноябрда карап баштамак.

Сот отурумун адаттагыдай эле соттун төрайымы Жылдыз Ибраимова алып бармак. Бирок Исмаил Матраимов фондунун өкүлү Лейла Байдаева жана жоопкер Али Токтакунов келбегендигине байланыштуу сот 11-декабрь күнү саат 14:00дө өтмөй болду. Байдаева доогердин башка жактоочуларына Түркияга учуп кеткендигин тастыктаган авиабилетинин көчүрмөсүн жөнөткөн.

«Сотту жылдыруунун себеби негиздүү деп эсептейм. Мындан тышкары, жоопкер Али Токтакунов да жок. Ал учурда өлкөдө экенин жакшы билебиз. Аны кабарландыруу керек деп эсептейм», — деп билдирди Райымбек Матраимовдун өкүлү Татьяна Карыжинская.

ЖМКларды коргоп жаткан адвокаттар сот процессинин жылдырылышына каршы чыгышты, бирок судья бул маселе боюнча доогер тарапты колдоду. Мындан тышкары, «Азаттыктын» өкүлү Акмат Алагушевге Али Токтакуновдун атына жазылган чакыруу кагазы берилди.

«Адвокаттар Байдаева командировкада делген авиабилеттин көчүрмөсүн жана коштоочу текстти гана беришти. Бирок, кызматтык командировкага жумуш берүүчү жөнөтүп жатканда, командировкага жиберүү тууралуу буйрук жана командировкалык күбөлүк бар болот. Мунун баары тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулуп, сотко берилиши керек. Бул сотту жана процесттин башка катышуучуларын сыйлабоо деп эсептейм», — деп билдирди «Клооптун» адвокаты Фатима Якупбаева.

Анын айтымында, доогердин жактоочуларынын кыймыл-аракетинен, алар өз талаптарынан баш тартпай турганын билүүгө болот.

«Эгер алар баарын тынч жолу менен чечейин дешсе, анда кандайдыр бир аракеттер болмок да, азыр андай жок. Жакында соттук териштирүүлөргө бир жыл болот, биринчи отурум 13-декабрда болгон. Ушул жыл ичинде талашты тынчтык жолу менен чечүү үчүн эч кандай кайрылуулар болгон эмес», — деди ал.

Якупбаева Райымбек Матраимовдун кармалышы, андан соң эркиндикке кое берилиши дагы соттук териштирүүгө таасирин тийгизүүдө деп эсептейт. Азырынча, ал кайсыл беренелер боюнча айыпталып жатканы белгисиз — эгерде «Коррупция» беренеси болсо, бул сотто чындык журналисттер тарапта экенинин далили болмок.

«Сотко чейинки өндүрүш өтүп жатат, ал соттолгон эмес, ага айып тагылып, кабарлама тапшырылды. Биз бул документти көргүбүз келет, ал башка берене боюнча эмес, так гана “Коррупция” беренеси боюнча айыпталганын түшүнгүбүз келет. Азыр колдо эч кандай документтер жок, бирок биз соттон суратып алууну пландап жатабыз, анткени ал тергөө менен кызматташуу тууралуу макулдашууну айткан. Биз ушуну гана суратып ала алабыз, анткени тергөө сыры деген бар, иштин материалдарын сурай албайбыз. Ал эле эмес, кызматташуу тууралуу материалы менен таанышууга судьяга гана уруксат берилет болушу керек», — деди ал.

ЖМКга каршы доо арыз

Матраимовдор 2019-жылдын декабрь айынын ортосунда «Азаттык», «Клооп», 24.kg басылмаларын жана журналист Али Токтакуновду сотко берген. Алар журналисттерди үй-бүлөсүнүн ар-намысы менен ишкердик беделине шек келдтиришкен деп айыпташууда. Алгач алар «Азаттыктан» 22,5 млн сом, 24.kgден 15 млн сом, «Клооптон» 12,5 млн сом жана Токтакуновдон 10 млн сом кун талап кылышкан.

Иликтөөгө катышпаган, болгону өз бандамасын чыгарган 24.kg басымасы менен Матраимовдор доо талаптарын жарым-жартылай чакыртып алууну келишишкен. 24.kg бул иште жоопкер катары калып жатканы менен, Матраимовдор мындан ары алардан компенсация талап кылбайт жана сот бул өтүнүчтү канааттандырган.

Ошентип, Матраимовдор ЖМКлардан талап кылган кундун жалпы суммасы 45 млн сомду түзөт.

«Азаттык» жана «Клооптун» адвокаттары да иштин Ленин райондук сотуна өткөрүлүүсүнө жетишүүгө аракет кылышкан, себеп дегенде жоопкерлердин жарымы — «Азаттык» жана Али Токтакунов — калаанын Ленин районунда катталышкан. Бирок судья Ибраимов бул өтүнүчтү четке каккан.

«Чек арасыз репортёрлор» (RSF) эл аралык уюму ЖМКларды коргоп билдирүү чыгарган. RSF доону «сандырак» деп атап, Свердлов райондук сотун аны четке кагууга чакырган.

«“Азаттык” жана “Клооптун” журналисттерине коомдук кызыкчылыкка жооп берген жана жалпысынан Кыргызстандын жарандык коомун стумилдаштырган журналисттик иликтөөсүнө байланыштуу доо коюлуп жатканы сандырак», — деген өкүлчүлүктүн Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы башчысы Жанна Кавелье.

Матраимовдун байлыгы тууралуу журналисттик иликтөө

Өткөн жылдын ноябрь жана декабрь айларында OCCRP, «Азаттык» жана «Клооп» «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» деген аталыш менен журналисттик иликтөө чыгарышкан.

Анда журналисттер кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр менен Матраимовдордун байланышы тууралуу баяндап беришкен. Абдукадыр Кыргызстан аркылуу Кытайдан Борбор Азияга жана Орусияга жашырын жүк ташуу империясын түзгөн.

Журналисттердин маалыматчысы — ноябрь айында киши колдуу болгон Айеркен Саймаити Абдукадырга таандык бизнестин 700 миллион долларын адалдаштырууга жардам бергенин мойнуна алган. Ошондой эле ал көмүскө бизнестин жүрүп турушуна көмөк кылган бажыдагы коррупцияны Матраимов калкалап турганын айткан.

Авторлошу: Рустам Халимов.