Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго видео кайрылуу жолдоду. Анда ал экс-депутат, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков жана ошол учурдагы УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев Кой-Таш окуяларын талкуулаган делген жашыруун аудиожазууну коомчулукка жарыялады.

Ошондой эле, мурдагы президенттин уулу 14-октябрдагы өкмөт үйүнөн эркекче сөз бергенсиз деп, Жапаровду айтканын аткаруусун өтүндү. Кадыр Атамбаев Садыр Жапаров жакын эле берген интервьюсунда мурдагы президент «Кой-Ташта атайын кызматтын кызматкерин атканы үчүн камакта отурат» дегенин эскерип өттү.

«Сиз жаңылып жатасыз, мына бүгүн бүткүл элге фактыларды айтып берем. Бул ошол кездеги УКМК төрагасы Опумбаев баштаган Кой-Таш окуялары боюнча мамлекеттик комиссиянын жабык жыйынында жашыруун коюлган тыңшоочу аппаратка түшүп калган аудиожазуу», — деп билдирди Атамбаев.

Анын айтымында, бул тыңшоочту мамкомиссиянын мүчөсү Жаркынбек Касымбеков орнотуп, кийин тасманы Кадыр Атамбаевге өткөрүп берген. Касымбеков «Чоң Казат» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, аталган партиядан депутаттыкка талапкер болгон.

«Аудиодо Опумбаев Исмаил Исаковдун суроосуна жооп берип жатып Атамбаевдин атайын кызматтын офицеринин өлүмүнө тиешеси жок экенин ачык эле айтып жатат», — дейт мурдагы президенттин уулу.

Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев аудиожазуу кандайча мурдагы президенттин күнөөсү жок экендигин далилдей турганын түшүндүрдү. Юрист Опумбаев атайын кызматтын командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековго «Калашников — АК74 автоматынан ок атылган» деп билдирген деп жазат.

«Эч качан Алмазбек Атамбаевге таандык куралдан болушу мүмкүн эмес. Опумбаевдин көрсөтмөлөрүнүн чын экенин «Альфанын» 14 кызматкери дагы тастыктаган. Алар Кой-Таш окуяларына байланышкан кылмыш ишин иликтөө учурунда ИИМ тергөөчүлөрүнө Ниязбеков Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн 1-кабатында АК-74 автоматынан ок жегенин көрсөтүп берген», — дейт адвокат.

«Клооп» Кадыр Атамбаев ачыктаган аудиожазууну текстке түшүрүп гана жазды. Биз бул чынында эле Опумбаев менен Исаковдун үндөрүбү же жокпу бышыктап же төгүндөй албайбыз.


Исаков: - Силердин колуңардагы курал бронежилетти тешип өтө албайт болчу туурабы? Кокустан бирөө [куррокту] басып алса чыгараардын алдында. Туурабы? Силерде кайсыл куралыңар [бар эле], автомат АК 74 да ээ? Ал атканда таптакыр башкача болмок туурабы? Траекториясынан кетмек, дароо билинет эле. Демек, бул жерден комиссия так элестетип же жокко чыгарышы керек, биринчиден, үчүнчү кабаттан атууга мүмкүн болбосун. Экинчиден, өзүңөр-өзүңөрдү кокустан басып алып, бул да жокко чыгат деп. Демек, тыянак, ошол жерде турган жарандардын бирөө… Анда жанагы ГСВны [резина октуу курал] эгер ал ичинде жүргөн болсо кантип колуна түшүп калган? Суроо жаралып атпайбы.

Опумбаев: - Исмаил Исакович, мен сизге өзүнчө жооп берем. Ким кандай болгонун айтам. Бирок өзүнчө, макулбу?

Исаков: - Азыркы айткандар боюнча, бизде ой-пикир пайда болуп жатат. Биз азыр так билишибиз керек, ошол жигит бир жерде атылды же мындан атканга мүмкүн эмес эле, мына бул менен атканда мындай болушу керек эмес эле дегендей тыянак чыгарышыбыз керек эле да!

Опумбаев: - Тергөө баарын тактайт, трасологиялык экспертиза жасалып жатат.

Исмаил Исакович, тергөөгө киришпей эле койсок жакшы болот эле да.

Исаков: - Мен киришкен жокмун, мен ой жүгүртүп жатам.

Опумбаев: - Сиз айтып жатпайсызбы. Калыс болуш керек да.

Исаков: - Мен берген жообуңарга ой-жүгүртүп жатам. Мен ойлодум эле биринчи киргенде ошол жерден СВД менен атып койду деп. СВДнын күчү да жетет, тешип да кетет [бронежилетти].

Опумбаев: - Андай болгон жок, Исмаил Исакович.

Исаков: - Андай болгон жок, демек, ал жактан аткан жок, туурабы?

Опумбаев: - Туура, туура.

Исаков: - Анда муну адилеттик үчүн эсепке албаш керек. Эгерде бул жакта силерден болсо, силердин огуңар башкача кетмек. Мен да эсепке албашым керек.

Опумбаев: - Туура.

Исаков: - Туурабы?

Опумбаев: - Туура.

Исаков: - Демек анда үчүнчү СВД пайда болду, экинчи?

Опумбаев: - СВД эмес, АК74. Ушул автоматтан ата башташкан. Сизге айтып коёюн эми.

Исаков: - Ал кимде болгон? Алардабы?

Опумбаев: - Ошол балдардан [спецназчы] тартып алган бир автоматты [жарандар], ошондон атышкан.

Исаков: - Ал силердин эсебиңерде бар да ээ?

Опумбаев: - Ооба.


«Мына, Садыр Нургожоевич, эми сиз айткан сөзүңүздү артка аласыз деп ойлойм. Ал эми сиз Алмазбек Атамбаев туура эмес кылган деген Кой-Таш окуяларына келсек. Эгерде Атамбаев анчалык жаман болсо, Кой-Ташта түзүлгөн Элдик штаб мыйзамсыз болсо, анда эмне себептен сиздин досуңуз Камчыбек Ташиев жашыруун келип, колдой турганын айтып кеткен? Эмне себептен өзүңүз Алмазбек Атамбаев менен байланышууга далалат кылып жаттыңыз? Эмне себептен сиздин агаңыз Сабыр Нургожоевич бир канча жолу жолугушууга жазылып, Алмазбек Атамбаев менен кезигип жүрдү, ал камакка алынган соң — биз менен?» — деп суроо узатты мурдагы президенттин уулу.

Ал ошондой эле, 14-октябрда Өкмөт үйүндө Жапаров менен жолугуп, экөөнүн ортосунда келишим болгонун айтты. Кадыр Атамбаевдин айтымында, президенттин милдетин аткаруучу ага эки өтүнүч менен кайрылганын айтып, бирок кандай өтүнүч болгонун ачыктаган жок.


«Биз макулдашуудагы өз милдеттерибизди аткардык жана сизден дагы өзүнүз айткандай “эркекче” сөзүңүзгө турасыз деп күтөбүз. Бирок акыркы убактардагы айрым сөздөрүңүз бизди таң калтырды, балким сизге кимдир бирөө жалган маалымат жеткирип жатышы мүмкүн. Ушул себептен бул видеокайрылууну жолдоп отурам», — деп жыйынтыктады Кадыр Атамбаев.


Кой-Таш боюнча мамкомиссия

2019-жылы сентябрда август айында Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясында болгон окуяларды иликтөө үчүн мамкомиссия түзүлүп, ага парламенттин депутаттары менен Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү кирген.

Арадан үч ай өткөн соң — 10-декабрда — комиссия ишинин жыйынтыгын көрсөткөн. Комиссиянын мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев «өлкөдө атайын алдын ала бийликти басып алууну даярдаган» деген тыянак чыгарышкан.

Кийин Алмазбек Атамбаев жетектеген КСДП партиясы бул тыянак «бийликтин буйругунун негизинде чыгарылды жана чындыккка дал келбейт» деп билдирген.

Кой-Таш окуясы боюнча акыркы сот отуруму 11-ноябрда өткөн. Натыйжада сот бул иш боюнча териштирүүнүн мөөнөтүн 2021-жылдын 11-январына чейин узарткан. Иштин фигуранттарынын көбүнө карата үй камагында калуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Сот Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаев 2020-жылдын 9-октябрында Ала-Тоо аянтында массалык башаламандык уюштурууга шектелип абакта отургандыгына байланыштуу алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин караган эмес.

Мындан тышкары, адвокаттардын судья Марат Сыдыковду алмаштыруу боюнча өтүнүчтөрү канааттандырылган. Ал мындан ары Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумдарын алып барбайт.

Атамбаев сот залында
Сүрөт: Кундуз Жолдубаева

Атамбаевдин резиденциясын штурмга алуу

Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы резиденциясы эки күнгө созулган штурмдан кийин 2019-жылы 8-августта кармалган. Анда спецназчылардын бири Үсөнбек Ниязбеков каза таап, дагы 100 адам ар кандай жарааттарды алган.

Мурдагы президент жана анын үзөңгүлөштөрү «Массалык башаламандык уюштуруу», «Барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өлтүрүүгө кол салуу» беренелери боюнча айыпталган. Бул иш боюнча жалпы 19 адам фигурант катары өтүүдө.

Мындан тышкары, Атамбаев мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыратылган. Бул 2013-жылы бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу өкүм.