«Кыргызалтындын» башчысы өзүнө каршы өткөн митингден кийин кызматынан кетти

«Кыргызалтын» ишканасынын басма сөз кызматы компаниянын башчысы Алмаз Алимбеков 12-ноябрда өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазганын кабарлады.

«Жамаат анын отставкасын өкүнүү менен кабыл алды, анткени Алимбеков компаниянын эң алгылыктуу жетекчилеринен болду», – деп билдирди «Кыргызалтын».

Ишканадан билдиришкендей, Алимбековдун ордуна Элмурза Үкүбаевди дайындагылары келет. Мурда ал өкмөттүк аппаратта иштеген. Алмаз Алимбеков «Кыргызалтындын» башкарма төрагалыгына 2015-жылы 29-апрелде келген, анын бул кызматка талапкерлигин компаниянын Директорлор кеңеши сунуштаган болчу.

«Кыргызалтынга» каршы митинг

Бишкекте 11-ноябрда Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп, нааразылык акциясына Эмгекчил, Казарман, Кемин жана Чаткал айылдарынын тургундары келген.

Тынчтык чогулушунун катышуучулары ишкана башчысы Алмаз Алимбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Алар компания жетекчилиги мыйзам бузуп жатат деп белгилеп, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровду буга көңүл бурууга чакырышкан.

«Беш жыл ичинде көптөгөн мыйзам бузуулар болду, бизден алтын урдоонун видео далилдери бар. Жергиликтүү тургундар кытайлыктар Солтон-Сарыда иштеп баштагандан кийин эт комбинатын, мейманкана комплексин жана аары тукумдатуу үчүн атайын үкөктөрдү орнотуп берүүнү убада кылып, бирок анын бири да аткарылбаганына нааразы болушууда». Мурдараак Алмаз Алимбеков жер кенинде банкротчулук жарыялаган, бирок эмнегедир кытайлыктар келгенден кийин иш башталган. Азыр ал жакта айына 30 кг чейин алтын алышат», — дешет митингчилер.

«Кыргызалтын» митингчилердин жетекчиликке карата айыптоолорунун бардыгын «жалган жана кезектеги көө жабуу» деп атап, митингчилердин артында «“Кыргызалтын” ишканасында жетекчилик кызматты аркалоону каалаган адамдар турат» деп билдиришти.

«Алар биз укуктук малекетте жашап жатканыбызды жана бардыгы мыйзам чегинде болушу керектигин унутпашы керек. Эгер Алмаз Алимбеков иштебегенде, анда компания 2016-жылдан тартып эле эбак жабылмак. Учурда “Кыргызалтындын” көрсөткүчтөрү жакшы, жер кени инвесторлор менен биргеликте иштеп жатат», — деп белгилешти компаниядан.

Ошол эле күнү нааразычылык акциясынын бир нече катышуучусу компанияга келип, жетекчиликке каршы митингге чыгышканы үчүн кечирим сураган. Алардын айтымында, компания Солтон-Сары кени жайгашкан айылдын тургундарына колдоо көрсөтүп келгенине ынанышкан.

«Кыргызалтын» ААКы — бул алтын кендерин өздөштүрүүгө адистештирилген Кыргызстандын ири ишканасы. Ал 1992-жылы тоо кен тармагындагы ишканаларды бириктирүү жана учурда тоо кен тармагында иштеп аткан ишканалар менен алтын өндүрүү боюнча жаңы долбоорлорду колдоо үчүн негизделген.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргызалтын» АКК нак пайдасы 310,5 млн сомду түзгөн. 2020-жылга карай 850 млн сом пайда табуу пландалган.