Депутат Бакиров Конституциялык палатанын судьяларын кыскартууну сунуштады

Парламенттин депутаты Өмүрбек Бакиров Конституциялык палатанын судьяларын 11 кишиден 9га чейин кыскартууну сунуштады. Ал «Жогорку соттун Конституциялык палатасы жөнүндө» Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү коомдук талкууга чыгарды.

Учурдагы мыйзамдар боюнча, Конституциялык палатада 9 судья, төрага жана анын орун басары иштейт. Мыйзам долбоору 7 судья менен төраганы жана анын орун басарын калтырууну сунуштайт.

«Судьялардын санын өзгөртүүнүн негизги себептеринин бири — бул республикалык бюджеттин тартыштыгына байланыштуу көйгөйлөр болуп эсептелет. КПнын судьяларынын санын эки адамга кыскартуу жылына 2 млн 534 млн 24 сом үнөмдөөнү мүмкүн кылат», — деп белгиледи Бакиров.

Депутаттын пикиринде, судьялардын көптүгү палатанын бирдиктүү пикирге келип, туура чечим кабыл алуусуна бөгөт коюп жатат.

«Конституциялык контролдоо органдарынын сандык курамын түзүү чөйрөсүндөгү изилдөөлөр коллегиялык сот органынын судьяларынын санын негизсиз көбөйтүү айрым кыйынчылыктарга алып келип жаткандыгын көрсөттү. Ар бир судья сотко өзүнүн турмуштук тажрыйбасы, туура иш жөнүндө өз багыт-көрсөтмөлөрү жана түшүнүктөрү менен келишет, андыктан ири көлөмдөгү сот турганда компромисске жана теӊ салмакташтырылган чечимге жетишүү кыйынга турууда», — деп кабарланат маалымкат-негиздемеде.

Депутат Конституциялык палатанын 11 судьясы — калкы 6,3 миллионду түзгөн Кыргызстан үчүн абдан көп экенин белгилейт.

«Менин ишенимимде, Конституциялык палатанын сандык курамы, өлкө калкынын санын жана Конституциялык палатага келип түшкөн конституциялык контроль маселелери боюнча кайрылуулардын санын эске алганда, өтө эле чектен ашыкча жана негизсиз болуп саналат», — деп эсептейт Бакиров.

Конституциялык палата

Жогорку соттун алдындагы Конституциялык палата 2010-жылдагы Конституциялык реформадан кийин түзүлгөн. Ага чейин Кыргызстанда Конституциялык сот иштеп келген.

Ал учурда 2010-жылдагы Конституция долбоорунун үстүндө иштөөгө тартылган Венециандык комиссиянын эксперттери өлкөдө Конституциялык соттун жоюлушуна тынчыздануусун билдиришкен.

Алардын пикиринде, Конституциялык палатанын Жогорку сотко караштуу болуусу анын көз карандысыздыгына таасир этиши мүмкүн.

Ошондой эле, эксперттер сотко салыштырмалуу Конституциялык палатанын таасири төмөндөгөнүн белгилешкен.

Конституциялык сот төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ болгон:

  • Конституцияга жат келген учурларда мыйзам жана башка нормативдик актыларды конституциялык эмес деп табууга;
  • Конституциянын нормаларын расмий чечмелөөгө;
  • президентти шайлоонун конституциялуулугу тууралуу жыйынтык чыгарууга;
  • президенттик кызматтан бошотууга корутунду берүүгө;
  • Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорго корутунду берүүгө.

Ошол эле учурда, Конституциялык палатанын ыйгарымдары кыскартылган:

  • Конституцияга жат келген учурларда мыйзам жана башка нормативдик актыларды конституциялык эмес деп таба алат;
  • мыйзамдуу күчүнө кире элек, Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет;
  • учурдагы Конституциянын өзгөрүшү тууралуу мыйзамдын долбооруна корутунду берет.