Экс-президент Роза Отунбаева парламенттик башкаруу системасын колдойт, ал эми Конституциянын эски нускасына кайтуунун мааниси жок деп эсептейт. Бул тууралуу ал 12-ноябрда «Иш күндүн кечи» көрсөтүүсүндө Эркин Рыскулбеков менен маектешүү учурунда билдирди.


«Мен азыркы Конституцияны 2010-жылы ишке киргизген адам катары, парламенттик системаны карманып жүргөн кишимин деп ачык эле айта алам. Президенттик системаны Америкадай кылабыз дейт. Президенттик система жалаң Америкага таандык система да. Америка — бул федеративдик өлкө, ар бир штаттын өзүнүн Конституциясы, уставы бар», — деп белгиледи экс-президент.


Отунбаева президент «көп нерсени чечкен», бирок парламент дагы «маанилүү» роль ойногон Францияны мисал келтирди.

«Жалаң эле Европа эмес, Азияны карап көрүңүз — мейли Жапония, мейли Корея, мейли Малайзия, Сингапур — гүлдөп жаткандардын баары эле парламенттик өлкөлөр. [...] Бизди азыр сактап жаткан эле биздин Конституция — мыйзам. Биз Конституциядан чыкпашыбыз керек. Дүйнө жүзүнүн баары бизди карап отурушат», — деп айтты экс-президент.

Ал көпчүлүк 1993-жылкы алгачкы Конституцияны «эң жакшы» деп, ага кайтып келүүнү каалап жатканын белгиледи. Бирок, Отунбаеванын пикиринде мындай болушу мүмкүн эмес, анткени андан бери жүздөгөн мыйзамдар кабыл алынып, Конституциянын жүзү түп-тамырынан өзгөргөн.

«Конституция — бул оңой иш эмес да, тигил жагын чымчып, бул жагын ачып деген эмес. Конституция — бул өзүнчө чоң организм болуп калды, бир кирпичин алсаң эле баары шатырап кулап кала тургандай», — деп эсептейт Отунбаева.

Экс-президент 10-январда кезексиз президенттик шайлоо менен катарлаш референдум өткөрүү үчүн «убакыт өтө чектелүү» экенин белгиледи.

«Процедурасы өтө татаал — кеминде жарым жыл [кетет]. Ички процедураларынын баары бүткөндө ал Венециялык комиссияга кетет. Венециялык комиссия деген — бул Конституция эл аралык нормаларга жооп берет деп баа берген комиссия», — деп түшүндүрүп берди Отунбаева.

Аны менен катар Отунбаева Жапаровдун партиялык система Кыргызстанды «талкалады» деген пикири менен макул эместигин, анткени бул мамлекеттин түптөлүүсүндөгү «алгачкы гана кадамдары» экенин, ал эми «бул жол менен бүткүл дүйнө бара жатканын» белгиледи.

Анын пикири боюнча, азыр бийликтин алдында мындан да маанилүү маселе турат — ал коровирус менен күрөшүү. Отунбаева «өлкөдөгү биринчи адам өзү бул маселени чечүүгө киришүүсү керек», ошондо гана губернаторлор, шаар мэрлери жана айыл өкмөт башчылары президентти үлгү тутат деп эсептейт.


«Биз Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда COVID-19 боюнча паневропалык комиссияга киребиз. Биз азыр дүйнө жүзүндөгү кырдаалды анализдеп жатабыз. Бизде жаңы эле жакшы анализ чыкты, атайын бейөкмөт уюм иштеп чыккан — ал COVID-19 жөнөкөй элдин турмушуна кандай таасир эткени [жөнүндө]. Бул ошол эле Конституцияга тең болгон эң маанилүү документ. Ушуну карап туруп, чараларды көрүш керек эле», — деп билдирди Отунбаева.


Отунбаева учурда 2010-жылдагы революциядан кийин кеткен саясатчылар «иининдеги чаңды күүп коюп эч нерсе болбогондой» кайрадан бийликке келип атканын кошумчалады.

Булардын тизмегине Отунбаева 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин башталган нааразылыктардын келип чыгышына «себепчи» болгон үч партиянын — «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстандын» өкүлдөрүн кошту.

«Күнөөнү эч ким тартпай жатат. Баягы аткан кишилер, аскерлер эле күнөөсүн көтөрүп, түрмөгө отурушту. А башкалар кайсыл бети менен келишет? Кайра эле башкаруу позицияларына келип жатышат. Мисалы, Бакиевдин юристи азыр Конституцияны жазып жатат», — деди экс-президент.

Анын айтымында, ошол эле юрист 2007-2010-жылдары Отунбаева депутат болуп турганда, Курманбек Бакиев ооруп кала турган болсо, бийлик анын уулу Максимге өтөт деген мыйзам долбоорун кароого койгон.

«Эми он жыл өткөн соң, саясат менен коом алдыга кеткенде Конституция жазып атат. Таң калып жатам, кайсыл акылы менен жазып жатты экен», — деп сөзүн бүтүрдү Отунбаева.