Башкы прокуратура: Окуучуларды текшерүү онлайн-сабактан качкандарды аныктоого багытталган

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Бишкектин Биринчи май районунун прокутарусы мектеп окуучуларынын онлайн сабакка катышып-катышпаганын текшерүүнү эмнеге тапшырганы боюнча түшүндүрмө берди.

«Биринчи май районунун прокуратурасынын бул иш-чараларды уюштуруу боюнча демилгеси окуудан качып жүргөн окуучуларды аныктоого жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багытталган. Ошондой эле, текшерүүнүн максаты — жашы жете элек балдардын укук бузууларын жана көзөмөлсүздүгүн алдын алуу болуп саналат», — деп билдиришти прокуратурадан.

Прокуратура «Клооп» басылмасына берген интервьюсунда, текшерүүнү Биринчи май РИИБи, мэриянын администрациясы, райондук билим берүү борбору ишке ашырат деп билдирди. Ушул эле органдарга онлайн окууга катышпаган окуучулар жана алардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылган.

«ИИБ жана мэриянын ишинин жыйынтыгы менен балдардын укугун коргоо чарлары көрүлөт. Ар бир учур боюнча өзүнө ылайык чара болот. Ошондой эле иштин жыйынтыгына карап, кошумча маалыматтар айтылат», — дешти прокуратурадан.

Көзөмөл органдан «Укук бузуулардын алдын-алуу» мыйзамына ылайык, органдар жана мектеп администарциялары тарабынан сабактан качкан окуучуларды окууга тартуу чаралары көрүлүшү керектигин белгилешти.

«Бул психологиялык басым»

Буга чейин ЖМКларда ата-энелер онлайн-сабактарга катышпаган окуучуларды аныктоо тууралуу прокуратуранын чечими менен макул эместиги айтылган. Ата-энелердин айтымында, прокуратуранын бул аракети — аралыктан окутуу системасынан улам стресске кабылган ата-энелер менен окуучуларга карата психологиялык басым.

«Биринчиден, ал жерде кайсыл нормативдик-укуктук документтин негизинде бул буйрук берилгени жазылган эмес. Экинчиден, алар кантип [окуучулардын онлайн-сабакка] катышып-катышпаганын көзөмөлдөгөнү жатышканы, механизми кандай экени түшүнүксүз. Кайрадан мектепке артыла турган жүкпү? Бул маселени прокуратура кандайча жөнгө салат? Биринчи жолу көрүп жатам ушундайды. Бул документти юристке көрсөттүм. Ал нормативдик-укуктук актка таянбастан мындай кат жазылбайт деп айтты. Менимче бул ата-энелерге карата психологиялык басым», — деп кабарлады ата-энелердин бири.

Дагы бир эне бардык эле балдарда аралыктан окууга мүмкүнчүлүк жок экенин айткан. Көпчүлүк ата-энелер үй-бүлөсүнүн курсагын тойгузуу үчүн иштегени кетип, окуучулар каралбай калууда.

«Онлайн сабактар процесси алгылыктуу иштелип чыккан эмес. Прокуратуранын мындай каттары мени негизинен тынчсыздантат, анткени бул кошумча түйшүк. Анын үстүнө балаң үчүн аны чыгарып салат деп кабатырланасың. Менин балам Zoom аркылуу сабактарга дайыма катыша албайт. Мен жумушка эртең менен кетем. Балам жалгыз калат. Кечинде үй тапшырмасын кылабыз. Дагы бир жолу кайталап, катышып-катышпаганын кантип текшеришери түшүнүксүз», — деди ал.

Аралыктан билим алуу

Бийлик коронавирус пандемиясы уланып жаткандыктан өлкө мектептерине кадимки тартипте иштөөгө уруксат бере элек.

Бишкектин, Оштун жана эпидкырдаал туруктуу эмес айрым райондордун мектеп окуучулары үй шартында окууну улантып жатышат.

Онлайн-окуу учуруна окуучулар менен мугалимдер көптөгөн көйгөйлөргө кептелди. Өлкө аймактарында жашаган балдардын толук кандуу билим алуу үчүн интернетке жана керектүү гаджеттерге жеткилиги жок.

Көптөгөн мугалимдер телефон жана ноутбуктун жоктугунан улам окуучулар онлайн сабактарга кошула албай, сабактарга катышпай калып жатышканына даттанышкан.

Окутуучулардын айтымында, мындан улам окуучулар программадан артта калып, билим ала албай жатышат.