«Чыгарбаса бир балээ башталат». Улук Өмүрзаковдун тарапташтары аны бошотууну талап кылышууда

Ошто рейдерликке шектелип кармалган Улук Өмүрзаковдун тарапташтары аны тез арада бошотууну талап кылып жатышат. Алар 17-ноябрда Ош шаарында маалымат жыйын курушту.

Жыйынга Кара-Кулжа районунун 10дон ашуун тургуну — Өмүрзаковдун жердештери келишти. Алар бир ооздон тергөө бүткөнгө чейин Өмүрзаковду үй камагына чыгарууну суранышты.

«Чет өлкөдөн келген шпионду кармагандай колу-башын кайрып кармап кетишти. Анын ордуна мыйзам жолунда чакыруу бербейби? Эгер барбай койсо кармаса болмок», — деди алардын бири Аким Идирисов.

Ошондой эле, жыйынга келгендер эгер алардын талаптары аткарылбаса «жаштар көтөрүлүп чыгабыз деп жатканын» билдиришти. Алар бир жуманын ичинде Өмүрзаков бошотулбаса «бир балээ башталаарын» кошумчалашты.

«Бул бийликтин эмне кылганы? Дагы бир нерсени баштагылары келип жатабы? Бир жумада чыгарып берсин деп суранып келдик. Бир балээ башталып кетип шайлоого чейин кыргыз кырылып калбасын. [...] Бир жуманын ичинде чыкпаса Кара-Кулжанын акимин басабыз, анан ушул жерге келебиз», — деди жыйындагылардын бири Алымкул Аскаров.

Мындан сырткары чогулгандар Өмүрзаковдун кармалышында «саясий кызыкчылык бар» деп эсептешет.

«Ушул 5-6-октябрдагы ынкылапта менимче кайсы бир чиновникке сөзү, же ою өтүп калган. Менимче ошонун артынан гана саясий куугунтук болуп жатат», — деди жыйынга келгендердин бири.

Өмүрзаковдун кармалышы

Улук Өмүрзаков ИИМ башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси, Ош облусунун улук прокурору. Ал 12-ноябрда «Жол-Чырак и Ко» компаниясын рейдерлик басып алууну уюштурууга айыпталып УКМК тарабынан кармалган.

Буга чейин 21-октябрда өздөрүн аталган көмүр казуучу компаниянын ээлери деп атаган Алмас Жоробеков жана Муратбек Исраиловдор маалымат жыйын курушуп, алардын компаниясын Кутман Шермат уулу аттуу киши басып алганын айтышкан.

Ошондой эле бул ишке Улук Өмүрзаковдун да тиешеси бар экенин айтышып, ал ээлик кылган «Мухаммед-Умар» коопсуздук агенттиги «кендин чыныгы ээлерин ишканага кирүүгө тоскоолдук кылып жатканына» даттанышкан.

Шаардык соттон жана милициядан Шермат уулу учурда издөөдө экенин айтышкан — ал сот тарабынан «Алдамчылык» жана «Мыйзамсыз ишкердикке» айыпталып, бөгөт коюу чарасы катары кармалган күндөн тарта тергөө абагына киргизүү токтому кабыл алынган.

Ал эми Улук Өмүрзаков жана Шермат уулунун адвокаты көп өтпөй маалымат жыйын курушкан. Анда Өмүрзаков кенди басып алуу боюнча айыпты четке каккан. Ал эми Шермат уулунун жактоочусу анын кардарына карата куугунтук болуп жатат деп билдирген. Ошондой эле, Шермат уулу аталган компания менен келишимдин негизинде гана иштеп жатканын кошумчалаган.