Кыргызстан учурда ара жолдо турат: же биз өлкө бир колдо топтолуп, башкаруучу биз менен каалаганын кыла турган авторитардык өлкө болобуз; же болбосо акыр-аягы эркин, коопсуз жана ачык өлкөдө жашайбыз.

Бизге эркиндикти кепилдеген механизмдердин бири — бул таза шайлоо. Шайлоону мыйзам бузуусуз өткөргөндү үйрөнгөндө гана өлкөбүздө революция болду жана ал жемишин берди деп айта алабыз.

2021-жылы 10-январда президенттик шайлоо талапкерлердин бардыгы үчүн адилеттүү боло турганына кантип ынануу керек?

Ал үчүн өлкө боюнча ар бир участокко көз салып, ар бир бузууну каттап, ошол замат ЖМКларга жарыялап, андан соң арыздарды берүү керек. Бул ар бирибиздин колубуздан келет.

Биз ар бир айылды, мүмкүн болушунча өлкөдөгү ар бир участокту камтууну көздөйбүз. Ал биз Кыргызстандын ар бир булуң-бурчунан эки миңден ашуун байкоочуну алышыбыз керек.

Биз кимбиз?

«Клооп» — бул олуттуу жана маанилүү иликтөөлөрдү чыгарган өлкөдөгү эң популярдуу маалымат агенттиктеринин бири. Биз эч кандай бир саясий күчтөрдү колдобойбуз. Биз журналистиканын эл аралык стандарттарын туу тутабыз.

Мисалы, дал ушул бейтараптуулук жана чындык үчүн күрөштүн аркасында биз «Азыттык» жана OCCRP менен биргеликте Матраимовдор кланы өлкөдөн мыйзамсыз 700 млн долларды чыгарып кетүүгө аралашканын далилдей алдык.

Биз бийлик көп жылдар бою мыйзамсыз жана массалык түрдө Ата-Түрк паркындагы участокторду сатып келгенин далилдедик. Биздин «Самарагейт» аталган иликтөөбүз 2017-жылдагы президенттик шайлоодогу бийликтин махинацияларын ачыктады.

Биз эмнени каалайбыз жана ал эмне себептен маанилүү?

Өлкөнүн башкы документинде — Конституцияда жазылган: «Мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы — Кыргызстандын эли». Бул өлкө башынан кечирген революцияларда бир нече жолу далилденген. Бирок тынчтык мезгилинде адамдар өзүнүн күчүн көрсөтө алчу жалгыз мүмкүнчүлүк — бул шайлоо.

Ошондуктан, шайлоого баруу абдан маанилүү. Биз Кыргызстандагы шайлоолордо тандоо жок, бийлик жеңүүчүнү аныктап алган деген сөздөрдү көп угабыз. Дал ушунун айынан өлкөдө акыркы төңкөрүш болгон.

2021-жылдын январь айында өтүүчү президенттик шайлоодо бийлик мамлекеттик кызматкерлерди массалык түрдө шайлоо участкаларына ташыбайт, шайлоо участкасында туруп добуш сатып алуу болбойт жана көз боёмочулук менен жеңишке жетүүнүн башка аракеттерин кылбайт деген жүз пайыз кепилдик жок.

Өлкөнүн кийинки президентинин легитимдүү жеңишин таза шайлоо гана камсыздай алат. Кыргызстандыктар шайлоо таза жана акыйкат өткөндүгүнө ынанышы үчүн «Клооп» шайлоо күнү өлкөдөгү бардык участкаларга көз салып тургусу келет.

Бул кандай ишке ашат?

Биз 2020-жылдын 10-декабрына чейин 2000ден ашуун адам топтойбуз. Биздин мыкты журналисттер, видеограф жана укук боюнча адистерибиз сизди маанилүү мыйзам бузууларга көңүл бурганды үйрөтүшөт. Биз сизге кантип камерага туура тартканды, мыйзам бузуулар тууралуу актыларды түзгөндү жана чоң аудиторияга тез жарыялоо үчүн жөнөтүп турууну көрсөтүп беребиз.

4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо 200гө чукул байкоочудан турган команда топтогонбуз. Алар шайлоо участкасындагы бузууларды жеринен дароо Клооптун сайтына жарыялап турган. Биз шайлоочуларды массалык ташып келүү, добуш сатып алуу фактыларын аныктап, бузуулар тууралуу ондогон актыларды түзгөн элек. Биздин байкоочулар укмуштуудай ири жумушту ишке ашырышкан.

Биз бул жолу андагыдан 10 эсе көп болобуз жана бул эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы байкоочулардын эң ири тармагы болот! Өлкөнүн булуң-бурчтарындагы ар бир участкадагы шайлоонун жүрүшүнө биздин байкоочулар көз салса, махинация жасоо канчалык коркунучтуу экенин элестетип көрсөңүз.

Боршайком ЖМКларда айтылган бардык мыйзам бузууларга реакция жасоону убадалады. Эгер биздин байкоочулар бардык далилдер менен мыйзам бузууну аныкташса, юристтерибиз шайлоо күнү жана андан кийин алар дыкат текшерилип чыгышын талап кылат.

Эгер кимдир бирөө сизге басым кылууга аракеттенсе, биз талап кылынган бардык жардамыбызды беребиз: юридикалык жардамдан баштап ыкчам эвакуацияга чейин.

Билдирмени кимдер тапшыра алат?

Жашы 18ден жогору болгон өлкөнүн бардык жарандары. Биз үчүн сиздин кайсыл тилде сүйлөгөнүңүз, иштеген жана жашаган жериңиз маанилүү эмес. Эң башкысы, сизде өлкөгө таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн каалооңуз маанилүү.

Сиз 2020-жылы декабрда үзгүлтүксүз окуудан өтүүгө даяр болушуңуз керек.

Президенттик шайлоодо «Клооптун» командасынан байкоочу болгуңуз келсе, бул шилтеме аркылуу формага өтүп, аны 10-декабрга чейин толтуруп жибериңиз.