ИИМдин Ички коопсуздук кызматынын эки кызматкери «Азаттыкка» анонимдүү маек куруп, 5-октябрда Бишкекте башталган массалык башаламандыктар тууралуу айтып беришти. Ал күнү 22 жаштагы уландар ИИМ кызматкери катары биринчи жолу шаарды коргоо үчүн чыгышкан. Биринчи эле түнү алар митингге чыккандардын кол салуусунан жабыркашкан.
«Элдин арасында калып калдык»
Укук коргоо орган кызматкерлеринин биринин айтымында, алар 5-октябрь күнү кечинде шаарда тополоң башталган учурда аянтта турушкан. Ал учурда аянтака аскер техникалары келе баштады деген маалымат тарап, ИИМдин кызматкерлери элди таркатуу боюнча буйрукту күтүшкөн.
«Бизде союл, анан каска менен калкан эле бар болчу. Кечки саат 8дер чамасында ызы-чуу башталып кетип, “элди таркаткыла” деген буйрук түштү. Киев көчөсү менен элди таркатып, Исанов көчөсүнө чейин барып, андан кийин Чүйгө түштүк. Ошол жерде элди Жогорку Кеңеш тарапка өткөзбөй кармап турдук», — деди ал.
Анын айтымында, түнкү саат үчтөн кийин демонстранттардын саны көбөйүп, укук коргоо кызматкерлери Тоголок Молдо көчөсүн көздөй чегинүүгө аргасыз болушкан. Артка чегинүүгө карабай, жаалданган топ 70-80 атайын кызматтын кызматкерлерин курчап алып, «Россия» кинотеатрынын алдында аларга кол салган.
«Ошонун баары жалгыз калдык. Башка түзүмдөрдүн кызматкерлери эбак эле чыгып-чыгып кетишиптир. Бизге болсо “болду, кайткыла” деген буйрук түшпөй калып, элдин арасында калып калдык. Башыбыздан көп жаракат алып, баш сөөктөр жабыркады. Кишилер тебелеп салышкан», — деп айтып берди ал.
Ал кесиптештеринин бардыгы дарыланып чыгып, «азыр жакшы» болуп калышканын белгиледи.
Ички коопсуздук кызматынын өкүлү ички иштер министри аларга митингчилер Ак үйдү басып алышканы тууралуу рациядан да кабарлабай койгонун кошумчалады.
«Тилекке каршы, ички иштер министри ага чейин кетип калганбы же эмне болгону белгисиз. Бизге буйрук берилген жок. Ошондуктан биз калып калып “Ак үйдөн”, Тоголок Молдо көчөсүнөн, бардык тараптан кишилер келатканын көрбөй калдык», — деди ал.
Ошондой эле, өзүнүн түзүмү резина ок чыгаруучу курал колдонбогонун, бирок башка кызматтар пайдаланганын белгиледи. Көпчүлүк күч түзүмдөрү мындай окуяларга даяр эмес болчу, ошондуктан газга ууланып, жабыр тартып калышкан.
Укук коргоо кызматкеринин айтымында, митингге чыккандар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин таш менен уруп, темир, жыгач союлдар менен кол салышкан.
«Арасында ыймандуу да балдар бар экен. Чуркап келип “Тийбегиле. Булар буйрукту эле аткарат” деп элдин арасынан алып чыгып кетишти. Мени тепкилеп жатышканда бир бала келип мени коргоп үстүмө жата калганы эсимде», — деп айтып берди ал.
Анын айтымында, бир убакта катуу тепкиден улам эсин жоготкон. Качан гана төрт жигит үйлөрдүн короосуна жетелеп бара жатканда көзүн ачкан. Андан соң жигиттердин экөө арттагы куугундун алдын тоскону калып калышкан.
«Калган экөө менин формамды чечип, башка кийим кийгизип туруп Бишкек шаардык клиникалык ооруканасына жеткирип коюшту. “Эл Жогорку Кеңешке өтүп кетсин” деп күтүп туруп, андан кийин өздөрүнүн машинеси менен ооруканага алып барышты»», – дейт кызматкер.
«Россия» кинотеатрынын алдында токмоктолгон ички коопсуздук кызматынын башка кызматкери, нааразылыкка чыккандарды кубалаган соң, алар таштанды челектерди катарга тизип, өрттөп, таш ыргытып жана темир шиферлер менен коргонуп турганын айтып берди.
«Бизде болсо союл, калкан эле бар болчу. Биз кишилер таш ыргытканда аларды тосуп, милиция кайра элге желим ок атканга шарт түзүп берип турдук. Адамдар артыбыздан да басып келет деп ойлогон эмеспиз», — деп түшүндүрөт ал.
Анын айтымында, түнкү саат үчкө караганда күч кызматкерлери «элге туруштук бере албай калган». Анткени аларды «Ак үй», Тоголок Молдо, Киев көчөлөрү тараптан келе жаткан кишилер курчоого ала баштаган.
«Эсимди жоготуп коюптурмун. Кийин ооруканада эсиме келдим. Азыр жакшы болуп калдым. Ошол жерде элдин ортосунда калып калган кызматкерлердин 80-90% башынан жаракат алды. Башка эле чаап, тебе беришкен окшойт. Колу-буту сынгандар да болду», — деп айтып берди ал.
«Милицияны элге каршы койбоо керек»
Укук коргоо органдарында бир топ жыл иштеген парламенттин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков дагы ушул сыяктуу окуялар тууралуу «Азаттыкка» маек курду.
Экс-депутаттын айтымында, Кыргызстандагы милиционерлер 1990-жылдан бери тополоңдор учурунда жаракат алып келет.
«Арасында каза болгондор, майып болуп калгандар бар. Алар - уставдын, мыйзамдын негизинде өз милдетин аткарып жаткан кызматкерлер. Саясатчылар элди көтөрүп, ошонун негизинде таяк жеген милиция кызматкерлери көбөйүп баратат. Алар да биздин эле балдар да», — дейт ал.
Малдыбековдун оюнча, милиционерлер президентин, премьер-министрдин жана ички иштер министринин чоркоктугунан улам таяк жеп келишет.
Экс-депутат өз ишин мыкты билбеген адамдар кызматка келип алып, «милдетин так аткара албай кол алдындагы кызматкерлерин талаага таштап кетип жатышканын» белгиледи.
«Мындай окуя 2005-2010-жылдары болгон. 2020-жылы да кайталанды. Биз милицияны элге каршы коёбуз деп атып укук коргоо кызматкерлери көп жабыркап калууда», – дейт ал.
Бишкек шаарындагы 5-6-октябрдагы башаламандыкта 626 ички иштер органынын кызматкери жабыркаган. Алар митингге чыккандардын колунан жаракат алышкан – көпчүлүк укук коргоо кызматкерлеринин башына таш тийген.
Октябрдагы нааразычылыктар
5-октябрда Бишкектин борбордук көчөлөрүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккандардын массалык нааразычылыгы башталган.
Митингдин катышуучулары шайлоо мыйзамы бузулганын, айрым партиялар добуш сатып алышканын жана админресурс колдонушканын айтып чыгышкан.
Нааразычылыктар митингге чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өтүп, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан.
Митингчилерди үн чыгаруугу граната, суу аткыч жана желим октор менен кууп таркатуу болгон. Расмий маалымат боюнча, миңден ашуун адам медициналык жардам алган, алардын ичинен 439 митингчиге биринчи меджардам көрсөтүлгөн.
Ондогон ыктыярчылар парламент имаратын жана башка мамлекеттик объектилерди курчоого алып, аларды митингчилердин талоончулук менен талкалоосуна жол бербей коргоп калышкан.
Бирок митингчилер экинчи аракеттен соң Ак үйдү басып алып, эмеректерин талкалап, өрт чыгарышкан.
Мындан тышкары, борбор калаанын көчөлөрүндө милициянын бир нече унаасы өрттөлгөн. Жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жараатарынан улам көзүнөн айрылгандар да бар.
Нааразычылыктардын шарданы менен абактагы айрым саясатчылар эркиндикке чыккан. Алардын арасында Садыр Жапаров да болгон. Андан соң Жапаров өкмөт башчылык кызматка жана президенттин милдетин аткаруучу кызматына дайындлган. Учурда ал президенттик ыйгарымдарын өткөрүп берип, 2021-жылдын 10-январында өтүүчү кезексиз президенттик шайлоого катышууга камынууда.