«Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири.

Биз акыр аягына чейин баары анчалык деле жаман эмес деген ойдо болчубуз. Тилекке каршы, баары эң жаман сценарий менен кетип жатат: Кыргызстанда бийликти узурпациялоону каалаган адамдардын тобу эч жол берилгис Конституциянын жаңы вариантын сунушташты. Ал Конституция Кыргызстандын эли ондогон жылдар бою күрөшүп келе жаткан баалуулуктарга каршы келет.

5-октябрда митингчилер Бишкектин борборуна адилетсиз парламенттик шайлоого каршы чыкканда алар Конституцияны өзгөртүүнү талап кылган эмес. Эл биринчи кезекте шайлоо босогосун жана шайлоо күрөөсүн азайтуу менен учурдагы Конституция боюнча кайрадан шайлоо өткөрүүнү суранышкан.

Учурдагы Конституциянын айрым жерлери идеалдуу эмес, бирок мен өзгөчө сыймыктанчу бир нече учурлар бар: президенттин башкаруусун бир мөөнөт менен чектөө, сөз эркиндигин камсыздоо жана бир партиянын парламентте ээлей алчу орундардын санын чектөө.

Кыргызстандын убактылуу лидерлери сунуштаган вариант бул үч пунктту түп-тамыры менен жок кылат.


Биздин өлкөдө президентке кайра шайланууга жана мыйзам долбоорлорду демилгелөөгө мүмкүнчүлүк берүү абдан кооптуу — бул дайыма авторитаризмге алып келет. Бул ирет дагы ошого баратат.


Долбоордун авторлору 23-беренени сунуштап жатат, анын жардамы менен «адеп-ахлакка зыян тийгизүүгө» тыюу салгылары келет — бул жүйөө менен алар бардыгыбыздын, журналисттердин, соцтармактардын колдонуучуларынын, ал тургай арабыздагы эң эле ыймандуу жана консервативдүүлөрүбуздүн оозун жапканы турушат.

«Улуттук Курултай» деген бүдөмүк аталыштагы орган тууралуу идея өтө коркунучтуу. Бул эмне? Парламенттин дубликатыбы? Же төңкөрүштүн арты менен бийликке келип алып, ар бир кадамыбызды тескей турган топпу? Анын бизге эмне кереги бар?

Убактылуу бийлик атаандаштары менен алгачкы күндөрдөн тарта эле зомбулук менен күрөшө баштаганы тынчсыздандырат — Садыр Жапаровдун тарапташтары 9-октябрда криминалга каршы жөө жүрүшкө чыккандарга кол салганы эстен кетпейт. Комментарийлерде бул адамдын идеяларын сынга алуунун ар бир аракети үчүн толтура коркутууларды жазып жатышканын айтпай эле коёюн.

Конституциянын долбоору көбүнесе, октябрдагы шайлоого катышкан эң коррупциялашкан үч партиянын депутаттарынын жардамы менен түртмөлөнүп жатат: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан». Кыргызстанда орун алган кризис үчүн ушул мууну бош адамдардын күнөөсү көп.


Эми болсо алар эркиндигибизди уурдагылары келгенин туюп жатам.


Учурда болуп аткандын бардыгы — бул коррупцияга малынган эски саясатчылардын жана уюшкан кылмыштуулуктун өздөрүн сактап калуу аракети.


Ойгонгула!


Биз бул жылы «Клоопту» көп адам окуп жатканын билебиз. Келе жаткан жекшембиде окурмандарыбыздын жок дегенде ондон бир бөлүгү Конституцияны сактоо үчүн жөө жүрүшкө чыкса, анда биз өлкөбүздөгү бийликти тартып алууга аракеттенип жаткан топту артка чегиндире алабыз.

Биз өз басылмабызда дайыма калыс болгонбуз — бизге, негизи айтканда, ким президент болуп шайланып же кайсыл партиялар Жогорку Кеңешке өтөөрү баары бир. Бирок ал кандайча ишке ашары бизди тынчсыздандырат.

Сунушталып жаткан Конституциянын долбоору — бул биздин эркиндигибизди чектөө, биздин ачык-айкын шайлоо өткөрүүдөгү тең салмактуулукту сактоо мехнизмине кол салуу.

Эгер сиз Кыргызстанды сактап калгыңыз келсе, анда 22-ноябрда, жекшемби күнү саат 12:00гө Бишкектеги Борбордук темир жол бекетинин алдындагы аянтка келиңиз. Конституцияны сактоо үчүн жөө жүрүш Эркиндик бульварынан Ала-Тоо аянтына чейин салттуу маршрут боюнча өтөт.

Өзүңөр үчүн бекем тургандан коркпогула.