«Ачык айтканда — автору Жапаров». Депутат Исаев Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыкты

Президенттик шайлоого катышуу үчүн документ тапшырган депутат Канат Исаев басма сөз жыйын куруп, Конституциянын жаңы долбоорун сынга алды.

Жакында парламенттин спикерлик кызматын аркалап кеткен Канат Исаев парламенттин алтынчы чакырылышын таркатып, парламенттик шайлоо өткөрүү керектигин билдирди.

Учурдагы чакырылыш легитимсиз, аны менен конституциялык реформа өткөрүү «кылмыштуу». Бирок реформаны учурдагы чакырылыш токтото алат — «өлкө орто кылымга кетпеши үчүн» муну токтуш керек. Анын айтымында, Конституциянын долбооруна колдорун койгон бир нече депутат колдорун чакыртып алышкан.

«Конституциянын жаңы долбоору боюнча чоң талаш-тартыш жана нааразылыктар болуп жатат. Бир топ депутаттар окубай туруп сунушталып жаткан вариантындагы Конституциянын өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурбай кол коюшкан экен. Ар бир окуунун ортолорунда эки айлык мөөнөт сакталышы керек», — деди Исаев.

Исаев Конституциянын жаңы долбооруна каршы. Ал Конституцияны өзгөртүүгө муктаждык жок деп эсептейт. Ошондой эле ал коомдук талкууга коюлган долбоордо сүрөмөлөнүп жаткан президенттик башкаруу формасына да каршы экенин айтты.

«Биз президенттик башкарууну көргөнбүз. Эки жолу — 2005 жана 2010-жылдары — бул система каргашалуу окуяларга алып келген», — деди Исаев.

Мындан тышкары, депутат бир мандаттуу округдар боюнча да шайлоого каршы. Саясатчы мындайда парламентке аялдар, жаштар жана майып адамдар келе албай калат деп эсептейт.

«Жалаң олигархтар өтөт», — деди ал.

Исаевдин пикири боюнча, Конституциянын жаңы долбоору демократиялык стандарттарга каршы келет.

«Эгер ачык айтсак — автору Садыр Жапаров. Мыйзам долбоору президенттик аппаратта даярдалган. Депутттары аны окуган да эмес, автору болуп эсептелбейт», — деп билдирди Исаев.

Коференцияга катышкан БШКнын мурдагы башчысы Мамбетжунус Абылов Конституциянын жаңы долбоору алгач Венециандык комиссиясынан өтүүгө тийиш деген оюн билдирди. Комиссия бул өзгөртүүлөр мыйзамсыз экендиги тууралуу корутунду чыгарды. Мындай Конституция «эл аралык аренада кабыл алынбайт». Ал долбоорду кабыл алуу «кыйроого» алып келеби деп чочулайт.

Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду. Анда так эмес аныктамалар көп колдонулган — мисалы «адеп-ахлак» деген сыяктуу сөздөр. Мындан улам өлкө башчысынын мүмкүнчүлүктөрү ансайын кеңейген.

Мисалы, президент чакыра турган «элдик курултай» киргизүү сунушталды. Курултайдын чечимдери «сунуш» түрүндө гана болот — ал өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алууну сунуштай албайт.

Президенттин колунда курултай гана болбойт, ал министрлер кабинетинин отурумун алып барып, министрлерди жана көптөгөн мамкомитеттердин жетекчилерин дайындай алат.

Мамлекет башчысы эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындан тышкары, ал мыйзам долбоорлорун демилгелей алат.

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу референдумду 2021-жылдын 10-январында, президенттик шайлоо менен бир күндө өткөрүү пландалууда.

Садыр Жапаров Конституцияга түзөтүүлөрдү колдойт. Ал бул тууралуу айткандан бери жаңы Конституциянын долбоорун сүрөө боюнча кампания башталган.

Жапаров алгач ирет Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалай турганын айтып бергенден тартып эле, юристтер бул түзөтүү эмес, Конституцияны алмаштыруу деп аташкан. Ошондой эле, парламенттин алтынчы чакырылышы мындай олуттуу мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугуна ээ эмес.