Кыргызстанда COVID-19дун 422 жаңы учуру катталып, 516 киши илдеттен сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 19-ноябрда өлкөдө коронавирустун жаңы 422 учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 12 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 130 (үч медик);

Чүй облусу — 93 (эки медик);

Ысык-Көл облусу — 51 (эки медик);

Ош облусу — 45;

Жалал-Абад облусу — 24;

Ош шаары — 22;

Баткен облусу — 21 (үч медик);

Талас облусу — 20 (эки медик);

Нарын облусу — 16.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 68 316га жетти. Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 516 бейтап айыгып, беш адам көз жумду.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 168. Ошондой эле Баткен облусунда — 92, Чүй облусунда — 78, Жалал-Абад облусунда — 50, Ош облусунда — 49, Ысык-Көл облусунда — 45, Талас облусунда — 16, Ош шаарында — 10 жана Нарын облусунда сегиз бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Өлкөдө коронавирустан айыккан бейтаптардын саны 59 362ни түзүп, 1 217 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 3 144 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 129 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 870 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.