«Окубай эле колдойм». Бек Борбиев Конституциянын жаңы долбоору тууралуу

Ырчы жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын гимнинин автору Бек Борбиев фейсбук барагында Конституциянын жаңы долбоорун колдой турган билдирди. Анын айтымында, өлкөдө бийлик үчүн жоопкерчилик жетишпейт.

«Жоопкерчилик жок, ушул акыбалга келдик. Бир адам баардыгына керт башы менен жооп берсе, колдойм. Жаңы баш мыйзамды окуй элекмин, окубай эле колдойм», — деп жазды Борбиев.

Конституциянын жаңы долбоору

17-ноябрда Жогорку Кеңештин сайтында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жарыяланган. Аталган долбоордун автору болуп 80 депутат көрсөтүлгөн.

Документ жарыяланган түнү эле юристтер жана жарандык коом депутаттар сунуштаган өзгөртүүлөрдү кескин сынга алышты.

Юристтер бул Конституцияга түзөтүү киргизүү эмес аны алмаштыруу деп билдиришти. Мындан тышкары, парламенттин алтынчы чакырылышы мындай олуттуу мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугуна ээ эмес.

Долбоордун өзүндө так эмес аныктамалар колдонулган — мисалы, «адеп-ахлак» деген сыяктуу сөздөр. Мындан улам өлкө башчысынын мүмкүнчүлүктөрү ансайын кеңейген.

Мисалы, президент чакыра турган «элдик курултай» киргизүү сунушталган. Курултайдын чечимдери «сунуш» түрүндө гана болот — ал өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алууну сунуштай албайт.

Президенттин колунда курултай гана болбойт, ал министрлер кабинетинин отурумун алып барып, министрлерди жана көптөгөн мамкомитеттердин жетекчилерин дайындай алат.

Мамлекет башчысы эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындан тышкары, ал мыйзам долбоорлорун демилгелей алат.

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу референдумду 2021-жылдын 10-январында, президенттик шайлоо менен бир күндө өткөрүү пландалууда.

Садыр Жапаров Конституцияга түзөтүүлөрдү колдойт. Ал бул тууралуу айткандан бери жаңы Конституциянын долбоорун сүрөө боюнча кампания башталган.

Бек Борбиев жана «Мекеним Кыргызстан»

Эки ай мурда, 2020-жылдын август айында Бек Борбиев «Мекеним Кыргызстан» партиясын колдоо иретинде ырдаган видео жарыялаган. Ырдын текстинде «Мекеним Кыргызстан» деген сөздөр кездешет, ал эми клипте партиянын эн белгиси чагылдырылган.

Ырчы партияны ачык эле колдоп, съезддеринде байкалып жүргөн.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоого катышкан. Анда ЖМК жана жарандык коом тарабынан партия мүчөлөрү массалык түрдө бузууларга барганы айтылган.

Партияны кыргызстандагы таасирдүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштырып келишет. Партия мүчөлөрүнүн арасында депутат Искендер Матраимов дагы бар.

Талапкерлердин катарында Матраимовдордун башка дагы өкүлдөрү бар — алар адвокат Канатбек Азиз жана журналист Элнура Алканова.

Бир тууган Матраимовдордун бири, Райымбек Матраимов мурда бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон — ал өлкөдөн «көмүскө жолдор» менен 700 миллион долларды чыгарып кетүү жана адалдоо боюнча журналисттик иликтөөнүн фигуранты. Бизнесмен Айэркен Саймаити журналисттерге, курьерлер тармагы аркылуу «акчанын изин жашырып» келгенин, бул ишти Райымбек Матраимов көзөмөлдөп турганын айтып берген.

Саймаитинин айтымында, акча Абдыкадыр деген кытайлык бизнесменге таандык болгон, ал аны аткезчилик кылып иштеп тапкан. Алар акчаны чыгарып кетишкенден кийин Саймаити жана анын жубайы Вуфули Бумайлияму акчанын бир бөлүгүн Матраимовдордун «Исмаил Ата» кайрымдуулук фондуна жөнөтүп турушкан. Саймаити 2019-жылдын ноябрында киши колдуу болгон.

Журналисттик иликтөөнү толугу менен бул шилтемеге өтүп окуй аласыз. Ошондой эле, «Исмаил Ата» фондун дагы ким карыжаларын бул материалдан биле аласыз.

Башкы сүрөт Бек Борбиевдин фейсбугунан алынды.