Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев 19-ноябрь күнү Кыргызстандан тирүү мал жана айрым азыктарды сыртка чыгарууга убактылуу чектөө киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу үчүн зарыл. Азык-түлүккө болгон баалар турукташкандан кийин экспортко кайрадан уруксат берилет.
Токтогазиев видео-кайрылуу жасап, анда Кыргызстандын ички рыногун эки чорго туташтырылган тамыр катары элестетүүнү сунуш кылды: жогорудагысы импортко, төмөндөгүсү экспортко жооп берет.
Учурда, анын айтымында, төмөнкү чоргодогу агым өтө жогору болуп, тамырда азык-түлүк абдан азайып кеткен, мындан улам тамак-аштын баасы кескин кымбаттаган. Мисалы, жыл башында 1 кг эттин орточо баасы 330 сом болсо, ушул тапта 450-460 сомго, кээде 500 сомго чыгууда.
«Бир четинен муну мүмкүнчүлүк катары карасак болот — биз ре-экспорт тууралуу дагы ойлондук. Бирок биз трейдерлер, импорт жана экспорт менен иштеген ишкерлер менен сүйлөшкөндө алар да оор абалда экен экен. Анткени башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга алып келүүдө ар кандай тоскоолдуктар жаралууда», — дейт Токтогазиев.
Жогорку чоргону чоңураак ачууга мүмкүн болбогондуктан, айыл чарба министрлиги төмөнкү чоргону убактылуу жаба турууну чечкен.
Тизмеде эмнелер бар?
Токтогазиев экспорттоого убактылуу тыйуу салынган айыл-чарба продукцияларынын тизмесин да жарыялады. Ага төмөнкүлөр кирет:
- Жылкы;
- Бодо мал;
- Кой-эчки;
- Тоок, өрдөк, каз, күрп жана канаттуулар;
- Буудай жана меслин;
- Арпа;
- Жүгөрү;
- Күрүч;
- Буудай уну;
- Өсүмдүк майы;
- Шекер;
- Тоок жумурткасы;
- Йоддолгон туз;
- Тоют — чөп, саман, жем-чөп, акшак.
Кийин министр эт сатууга тыйуу салынбаганын, бул чектөө тирүү малга тиешелүү экенин, мындай чектөө киргизүүгө төл берүүчү малдын саны азайып кеткени себеп болгонун тактады.
«Тыйуу салбасак быйылкыдай эт тартыштыгы кийинки жылдарда да уланат. Анткени, төл бере турган мал жок болуп атат. Тубар малды сактап калуу — мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн башкы максаты», — деп жазган Токтогазиев.
Келечек пландары
Айыл чарба министрлигинде экспортко убактылуу тыюу салуу менен кошо өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугуна таасир эткен жергиликтүү азык өндүрүү боюнча программалар да каралууда.
Белгиленген багыттардын бири — малды жасалма жол аркылуу тукумдандыруу ыкмасы менен селекциялык жакшыртуунун эсебинен эт жана сүт өндүрүүнү жогорулатуу.
«Ал үчүн Айыл чарба министрлигинин алдындагы малды жасалма жол менен уруктандыруучу республикалык «Элита» асыл-тукум станциясына экинчи өмүр берүүнү пландап жатабыз», — дейт Токтогазиев келечек пландары менен бөлүшүп.
Анын айтымында, бул айыл жергесиндеги фермерлерге мал башынын сапатын жогорулатып алууга жардам берет. Айыл чарба министрлиги жакын арада 20 асыл тукумундагы бука сатып алып, жасалма тукумдандыруу үчүн алардын материалдарын Кыргызстан боюнча жайылтууну пландоодо.
Мындан тышкары, ведомствонун жер айдоо чарбасын колдоо боюнча программасы да бар. Токтогазиевдин айтымында, 2021-жылы фермерлерге жакшы сапаттагы үрөн сатууга 30%дык дотация киргизүү пландалууда.
«Мисалы, эгер үрөн 20 сом турса, анда фермерлер 14 сомун өздөрү төлөшөт, ал эми калган алты сомду — мамбюджеттин эсебинен төлөнөт. Арзан, бирок сапаты начар жана кымбат, бирок эки эсе көп жемиш берген үрөндөр бар. Биз фермерлерди ушундай үрөндөргө көндүрүшүбүз керек», — деди министр.
Токтогазиев 2021-жылга бюджеттен 100 млн сом бөлүп берүү пландалып жатканын, ошондой эле эл аралык донорлор менен кызматташуу каралып, ушул тапта 24 млн сом табылганын айтып берди.
Министр кайрылуусунунун аягында кыргызстандыктарды айыл чарба министрлигинин мындай «саясий чечимин» азык-түлүк кризисин алдын-алууга багытталган аракети катары «туура кабыл алууга» чакырды.