Рэпер Бегиш ырчы Абир Касенов менен бирге «Элим алданба» аттуу ырга клип тартышты. Аристтер саясий кырдаал Кыргызстанга кандай таасир эткени тууралуу ырдашып, бийликти өлкөнү талап-тоногонду токтотууга жана акыйкаттыкты калыбына келтирүүгө чакырышты.

Ырдын тексти:

Мага баарың бип-бирдей,

Кимиң мыктысың билбейм.

Акыйкатты мен издейм,

Таба албай келем.

Чекчейт!

Тегерегиңди сен чекчейт!

Талыкпай иште, изден,

Элге билгизбей.

Алдыда жол экөө:

Оңго бассаң келечек кең,

Солго бассаң кетет бекер,

Калган убакытың.

Убарасың.

Ошол үчүн ойлон.

Элим алданба.

Элди алдаба.

Элди алдаба (жок).

Элди алдап шопуруңду жалдаба (жок).

Эл сен жок деле эптеп-септеп жан багат (эптеп),

Сен көргөзгөндү эл, сен деп тандабайт.

Тажады эл ырчылардын үнүнөн (тажады).

Тажады эл, көтөрүлүш күнүгө (тажады).

Тажады эл саясаттын жытынан.

Элге берчи бүтүн нан (берчи),

Ачка калды бир тууган (ачка).

Тоонун башын сүйлөгөндөр,

Качып кетти журтунан (качып).

Издеп тапкан адам,

Чөнтөгүнө толтурат (акча),

Оозун жабып олтурат,

Акча дудук болтурат.

Ачылып, чачылып,

Кууп чыктын качырып.

Эч бири түтпөсө,

Оозуң калды басылып.

Ашыгып,

Машыгып,

Орун талашпа!

Бул Бегиштин репертуарындагы өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу алгачкы чыгармасы эмес. Ал 2020-жылдын май айында «Саясат» деген ырдын клибин чыгарып, анда коррупция, коронавирус, шайлоодогу добуш сатуу жана өлкөдөгү башка көйгөйлөр тууралуу ырдаган.

Жапаров, саясий кризис жана конституциялык реформа

2020-жылдын 5-октябрындагы массалык нааразычылык акциялардан кийин Кыргызстанда бийлик алмашып, саясий кризис башталган. Ошондо миңдеген жарандар Бишкектин борбордук аянтына чыгып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.

Шайлоо күнү жана ага чейинки үгүт маалында күбөлөр, ЖМКлар бийликчил делген «Биримдик», «Кыргызстан» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары тарабынан мыйзам бузууларды катташкан.

Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганы менен айрым аткаминерлер башаламандыктардын шартында айрым кызматтарды мыйзамсыз ээлеп алган учурлар болгон.

Абактан бошотулган Садыр Жапаров премьер-министрдин кызматын ээлеп, андан соң президенттин отставкасына жетишип, анын милдетин аткаруучу болгон.

*Жапаров 14-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн ээлеген кызматтарынан баш тарткан. Президенттин милдетин төрага Талант Мамытов, ал эми премьердин милдетин биринчи вице-премьер Артём Новиков аткарууда.

Талант Мамытов — Садыр Жапаровдун жакын үзөңгүлөшү. 2012-жылы Жапаров, Ташиев жана Мамытов бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн соттолушкан — анда алар баштаган митингчилер Ак үйдүн тосмосунан ашып, кайтаруудагы объекттин аймагына кирүүгө аракет жасашкан.

Президенттин милдетин аткарган убакыт аралыгында ал өзүнүн бир топ тарапташтарын жаңы кызматтарга дайындап, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун демилгелегенге жетишкен. Эл арасында бул документ «Ханституция» деген аталышка ээ болду.

Долбоордун өзүндө так эмес аныктамалар колдонулган — мисалы, «адеп-ахлак» деген сыяктуу сөздөр. Мындан улам өлкө башчысынын мүмкүнчүлүктөрү ансайын кеңейген. Мисалы, президент чакыра турган «элдик курултай» киргизүү сунушталган. Курултайдын чечимдери «сунуш» түрүндө гана болот — ал өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алууну сунуштай албайт.

Президенттин колунда курултай гана болбойт, ал министрлер кабинетинин отурумун алып барып, министрлерди жана көптөгөн мамкомитеттердин жетекчилерин дайындай алат. Мамлекет башчысы эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындан тышкары, ал мыйзам долбоорлорун демилгелей алат.

Ошондой эле, сунушталган түзөтүүлөрдө адам укуктарына коркунуч жарата турган, ЖМКларга кысым кылуу жана цензура киргизүү учурлары бар экени аныкталган.

Жаңы Конституцияны кабыл алуу референдумун 2021-жылдын 10-январында, президенттик шайлоо менен бир күндө өткөрүү сунушталууда.

Жарандык коом, эл аралык уюмдар жана юристтер парламент Конституциянын жаңы долбоорун демилгелөө үчүн депутаттардан кол топтоп жатканда бир топ мыйзамдарды бузганын айтышууда. Анын себеби — алтынчы чакырылыштын депутаттарынын иштөө мөөнөтү аяктаган жана алар мындай маселелер боюнча чечим кабыл алууга укуктуу эмес.