Өлкөдө коронавирустун жаңы 304 учуру катталды — жалпы 69 885 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 23-ноябрда өлкөдө коронавирустун жаңы 304 учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында эки медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 101;

Жалал-Абад облусу — 72 (бир медик);

Чүй облусу — 51;

Ысык-Көл облусу — 32;

Ош облусу — 19 (бир медик);

Талас облусу — 16;

Баткен облусу — 8;

Нарын облусу — 3;

Ош шаары — 2.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 69 885ке жетти. Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 349 бейтап айыгып, алты адам көз жумду.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 112. Ошондой эле Баткен облусунда — 70, Жалал-Абад облусунда — 54, Чүй облусунда — 44, Ысык-Көл облусунда — 35, Ош облусунда жана Ош шаарында 29дан, Талас жана Нарын облустарында экиден бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Өлкөдө коронавирустан айыккан бейтаптардын саны 61 160ты түзүп, 1 237 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 3 096 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 138 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 648 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.