Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын отуруму. 25-ноябрь.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары октябрь окуяларынын кесепетинде талкаланган Жогорку Кеңештин имаратында 25-ноябрда алгачкы жыйынын өткөрүштү.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, эл өкүлдөрү азырынча компьютерсиз иштеп жатканы менен алардын микрофондору иштейт.

Бул Жогорку Кеңештин имараты 6-октябрга караган түнү басылып алынгандан кийинки депутаттардын алгачкы отуруму. Ал күндөрү милиция менен митингчилердин ортосунда кагылыш чыгып, кийинчерээк парламенттин имараты басылып алынып, талкаланган болчу.

Парламент жайгашкан имарат бир нече күн бою кайтаруусуз калып, ал тургай иш бөлмөлөрүнүн биринде өрт чыккан. Мындан тышкары, тополоңдун натыйжасында мыйзам долбоорлорунун базасы сакталган сервер жок кылынып, ал эми Жогорку Кеңештин сайты менен сервер жарым жартылай гана калыбына келтирилген.

Ак үйдүн ичинде жууп-тазалоо жана жарым-жартылай калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканда парламенттин депутаттары отурумдарды «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөрүп жатышты.

Депутаттардын ар кандай баалоолору боюнча, парламенттин имаратынын ремонтуна 400 млн сом бөлүш керек эле. Бирок, кийинчерээк парламенттин спикери Талант Мамытов ремонтко акчаны демөөрчүлөр бөлөрүн билдирип, бирок так ким экенин айткан эмес.