Бишкектин чет-жакасындагы мыйзамсыз курулган жаңы конуштардын бирине Садыр Жапаровдун атасынын аты ыйгарылган. Жапаровдун жигердүү тарапташтарынын бири Бакай Кашкарбаев конушту аралап видеоэкскурсия өткөргөн, кийин ролик интернетке тараган.
Видеодо жашоочулар жаңы конуштагы жашоосун көрсөтүп, калктуу конушу тууралуу айтып беришкен.
«Нуркожо-Ата» Свердлов районундагы «Ак-Бата» калктуу конушунда жайгашкан. Мурдагы расмий аталышы «Адилет».
Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, демөөчүлөрдүн акчасына курулган жаңы мечит дагы саясатчынын атасынын атын алат — «Нуркожо-Ата мечити». Андан тышкары, «Нуркожо-Ата» конушунун жашоочулары өз чөнтөгүнөн каражат топтоп фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) ачууну максат кылышууда.
«Ак-Бата» конушунун кварталдык башкармалыгынын башчысы Жыпара Арстанбекованын айтымында, көрсөтүлгөн участоктордун турак-жай курууга уруксаат документтери жок.
«Адамдар 2010-жылдан тартып эле жерлерди басып ала баштаган. Азыр ал жерде 500гө чукул үй-бүлө жашайт», — дейт ал.
Арстанбекова көрсөтүлгөн участоктордо уруксаат документтери жок болгондуктан жашоочулар менен жер саткандардын ортосунда дайыма жаңжал чыгып келерин белгилеген.
Жерди пайдалануу тууралуу мыйзамдар
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министрлик ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенге чейин, Садыр Жапаров 13-октябрда жерди пайдаланууга байланышкан мыйзам актыларына бир катар түзөтүүлөргө кол койгон.
Түзөтүүлөр 4-ноябрда парламент тарабынан кабыл алынган, демек расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул түзөтүүлөр 2009-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта, турак үйлөр курулган айыл-чарба багытындагы жерлерге гана тиешелүү.
Мыйзам сугат жерлерге мыйзамсыз турак үй куруп алган жарандардын көйгөйүн чечиши керек. Ошондой эле, мыйзамга ылайык айыл-чарбасында колдонууга жараксыз делген сугат жерлерди трансформациялоого жардам берет.
Парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары , экология жана аймактык өнүгүү комитетинин төрагасы Нурбек Алимбеков мыйзам үч багытта ишке ашарын айткан.
«Биринчиден, 2018-жылга чейин турак үйлөр курулуп калган айыл-чарба багытындагы жерлер трансформацияланат. Эми аларды бузуп сала албайбыз да!
Экинчиден, жердин ээси экендигин тастыктаган «кызыл китеби» бар, бирок участогу азыркы күнгө чейин трансформацияланбаган жарандарыбыз бар. Аларга үй курууга уруксаат берилет.
Үчүнчүдөн, буга чейин курулуп калган үйлөрдүн арасында айыл-чарба иштерине пайдаланууга болбой турган жерлер бар. Ушул анклавдар дагы трансформацияланат», – деди ал.
Жаңы түзөтүүлөрдө айыл-чарба жерлеринин максаттуу багытын бузуп, мыйзамсыз үй куруп алгандарды жазага тартуу дагы камтылган.
Мыйзам долбооруна ылайык, өлкө боюнча 1712 гектар жер трансформацияланат. Бул 11 300 үй-бүлөнүн турак-жай маселесин чечет. Көпчүлүк көйгөйлүү участоктор Чүй облусунда, Ош шаарында жана Ош областынын Кара-суу районунда жайгашкан.