Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтөт. Кыргызстандагы бийлик алмашуу менен коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда биз бул шайлоо болушунча ачык жана акыйкат өтүшүн каалайбыз.

Бул жарыя чыккандан кийин эле бир сутка ичинде бизге 500дөн ашык адам кошулду. Ушу тапта командабызда байкоочулардын саны 1000ден ашты. Катарыбызга ушунча көп адам кошулганына абдан кубанып турабыз, бирок, бул дагы жетишсиз болууда.

Өлкөдөгү ар бир участокту камтыш үчүн бизге дагы ушунча байкоочу керек. Азырынча билдирмелердин эң көбү Бишкектен, ал эми эң азы Жалал-Абад облусунан келди. Ошондуктан, эгер сиз Кыргызстандын аймактарында турсаңыз, биз сизден командабызга кошулууну өзгөчө суранып кетебиз.

Эгер байкоочу болууну каалаган досторуңуз, туугандарыңыз же жакындарыңыз бар болсо, аларды да чакырыңыз.

Бул кандай ишке ашат?

Биз 2020-жылдын 10-декабрына чейин 2000ден ашуун адам топтойбуз. Биздин мыкты журналисттер, видеограф жана укук боюнча адистерибиз сизди маанилүү мыйзам бузууларга көңүл бурганды үйрөтүшөт. Биз сизге кантип камерага туура тартканды, мыйзам бузуулар тууралуу актыларды түзгөндү жана чоң аудиторияга тез жарыялоо үчүн жөнөтүп турууну көрсөтүп беребиз.

4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо 200гө чукул байкоочудан турган команда топтогонбуз. Алар шайлоо участкасындагы бузууларды жеринен дароо Клооптун сайтына жарыялап турган. Биз шайлоочуларды массалык ташып келүү, добуш сатып алуу фактыларын аныктап, бузуулар тууралуу ондогон актыларды түзгөн элек.

Биз бул жолу андагыдан 10 эсе көп болобуз жана бул эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы байкоочулардын эң ири тармагы болот! Өлкөнүн булуң-бурчтарындагы ар бир участкадагы шайлоонун жүрүшүнө биздин байкоочулар көз салса, махинация жасоо канчалык коркунучтуу болуп калаарын элестетип көрсөңүз.

Боршайком ЖМКларда айтылган бардык мыйзам бузууларга реакция жасоону убадалады. Эгер биздин байкоочулар бардык далилдер менен мыйзам бузууну аныкташса, юристтерибиз шайлоо күнү жана андан кийин алар дыкат текшерилип чыгышын талап кылат.

Эгер кимдир бирөө сизге басым кылууга аракеттенсе, биз талап кылынган бардык жардамыбызды беребиз: юридикалык жардамдан баштап ыкчам эвакуацияга чейин.

Бул жумушка акы төлөнөбү?

Ооба, төлөнөт. Биз ар бир ак эмгектин акысы төлөнүшү керек деп ойлойбуз.

Албетте, биринчи кезекте, сиз жарандык милдетиңизди аткарасыз. Ал эми экинчиден болсо, 5000 сом киреше таба аласыз.

Билдирмени кимдер тапшыра алат?

Жашы 18ден жогору болгон өлкөнүн бардык жарандары. Биз үчүн сиздин кайсыл тилде сүйлөгөнүңүз, иштеген жана жашаган жериңиз маанилүү эмес. Эң башкысы, сизде өлкөгө таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн каалооңуз маанилүү.

Мындан тышкары, сиз 2020-жылы декабрда үзгүлтүксүз окуудан өтүүгө даяр болушуңуз керек.

Президенттик шайлоодо «Клооптун» командасынан байкоочу болгуңуз келсе, бул шилтеме аркылуу формага өтүп, аны 10-декабрга чейин толтуруп жибериңиз.