«Клооптун» Чаткалдагы кабарчысынын сурагы. Редакция Башкы прокуратурага даттанды

«Клооп Медиа» коомдук фондунун юристи Фатима Якупбаева 27-ноябрда «Клооптун» Чаткал районундагы кабарчысын суракка чакырган милиционердин аракеттерине Башкы прокуратурага даттанды. Журналист Каныш-Кыя айылдык кеңешинин отурумун тасмага тартканы үчүн суракка чакырылган.

Тергөөчү журналист Аскарбек Мырзабековдун телефонундагы жеке жазышууларын окуп, кабарчы Youtube-каналына жүктөгөн жыйындын тасмасын өчүрттүргөн — бул мыйзамсыз аракет.

Башкы прокуратурага даттануу

«Жалал-Абад облусундагы Чаткал РИИБнин тергөөчүсү Жабайкуловдун аракеттери Мырзабековдун жана “Клооп Медиа” коомдук фондунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузду, себеби Мырзабековдун телефонунда сакталган фото жана видео “Клооп Медианын” тапшырмасы менен тартылып, сакталган. Алар тоо кендериндеги мыйзамсыз көрүнүштөр тууралуу маалымдоо ниетинде тартылган», — деп жазылган даттанууда.

Мындан сырткары, тергөөчүнүн аракеттери адамдын укуктарын бузууга жатат.

Суракка чакыруу

«Клооптун» кабарчысы Аскарбек Мырзабеков 25-ноябрда суракка чакырылган. Мырзабеков суракка барганда тергөөчү анын, экоактивист Бакыт Турганбаевдин жана оператор Калыйбек Нурдиновдун үстүнөн Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 21 депутаты УКМКга, райондук прокуратурага жана милицияга арыз жазышканын айткан.

Буга Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттары, алтын өндүргөн компаниянын өкүлдөрү, тургундар жана жергиликтүү активисттер катышкан жыйында биздин кабарчы Мырзабеков тарткан тасма себеп болгон. Жыйында тургундардын айылдык кеңештин депутаттары алтын өндүрүүдө цианид колдонууга уруксат берген токтомду жокко чыгарып берүү талабы талкууланган.

Ал эми Мырзабеков 25-ноябрда суракка барганда Марат Жабайкулов аттуу тергөөчү арыз менен тааныштырып, бирок кайсы берене менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын маалымдаган эмес. Суракка Мырзабековдон сырткары оператор Нурдинов жана айылдык кеңештин эки депутаты барган.

Бирок депутаттар кайсы иш боюнча суракка чакырылышканын билбестигин жана Мырзабековдун үстүнөн даттанышпаганын айтышкан.

Мырзабековдун айтымында, Жабайкулов сурак учурунда андан жыйында тартылган тасманы көрсөтүүнү талап кылган. Ошондой эле тергөөчү журналисттин Whatsapp мессенджериндеги жазышууларын окуп, Youtube-каналына жүктөлгөн тасманы өчүрттүргөн.

«“Телефонду алып кел” деп, “видеону көрсөт” деди, “Чаткал көйгөйү” деген Whatsapp группага кирип текшерди. “Ийгилик Тургуналиев менен тыгыз байланышта экенсиң” деди. Видеолорду көрүп телефонуна тартып алды. “Ушунун негизинде ишке тиркейм, менин атым “Чаткал көйгөйү” группада аталса биринчи сени кармайбыз», — деп сурак тууралуу айтып берди Мырзабеков.

Тергөөчү Жабайкулов менен байланышканыбызда ал комментарий берүүдөн баш тартты. Кийинчерээк Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы расмий билдирүү таратты. Анда Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттары 26-сентябрда укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышканы жазылган.

Милициянын версиясы

Арызда Каныш-Кыя айылынын тургуну Бакыт Тургуналиев соцтармактарда «Чаткал көйгөйлөрү» жана «Свои» аттуу группаларды ачып, «элдин атын жамынып» депутаттарды «оозго алгыз сөздөр менен такталбаган маалыматтарды айтып каралап жазганы» айтылган.

Ошондой эле депутаттар Мырзабеков менен оператор Нурдинов жыйындын жүрүшүн толугу менен тартып алганын белгилешкен. Депутаттар отурумдагы «такталбаган маалыматтар» алардын аброюна шек келтиргенин айтышкан. Мындан сырткары, депутаттар бул «маалыматтар адамдар ортосунда пикир келишпестикке, чагыштырууга чейин алып барып, фирмалардын ишин токтотуу үчүн элди провокацияга үндөп жатат» деп эсептешет.

Депутаттар «группадагы айрым адамдарга» карата юридикалык баа берип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан.

Чаткал РИИБинде «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Облустук милициянын басма сөз кызматы Мырзабеков күбө катары суракка чакырылган деп ишендиришти.

Укук коргоо органдары Мырзабековдун жеке кат жазуучуларын окуган эмес жана ютуб каналындагы тасманы өчүрүүгө буйрук берген эмес деп билдиришти. Ал эми тергөө тергөө тарабынан эч кандай мыйзамсыз аракеттер жүргүзүлгөн эместигин маалымдашты.

Анткен менен Мырзабеков жыйында тартылган тасманы Youtube каналына жүктөп аны шилтеме аркылуу гана көрүүгө мүмкүн кылганын айтат. Тасманын шилтемесин ал Тургуналиевге бөлүшкөн, ал шилтемени тайпага жиберген — бирок анда чагымчыл маалыматтар жана чакырыктар болгон эмес дейт.

Цианид, чаткалдыктар жана журналисттердин съемкасы

Тасмага тартылган Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жыныйы 27-августта болгон. Анда Чаткал районунун тургундарынан турган «Чаткал көйгөйү» тобу, жергиликтүү депутаттар жана «Вертекс Голд Компани», «Чаарат ЗААВ», «Кичи Чаарат» алтын казуучу компаниянын өкүлдөрү катышкан.

Жыйында активисттер «Вертекс Голд Компани» жана «Чаарат ЗААВ» фирмалары алтынды цианид колдонуу менен өндүрүүгө уруксат берилген айылдык кеңештин мурунку чечимин жокко чыгарууну талап кылышкан.

Ошондой эле тургундар «Кичи Чаарат» тарабынан аймактагы Көк-Дөбө жер тилкесине «экологиялык эрежелерди одоно бузуу менен курулган» калдыктарды сактоочу жайдан үнөмдөлгөн 60 миллион доллар тууралуу маалыматты ачыктоону талап кылышкан.

Жыйында үч компаниянын өкүлү алтын өндүрүү технологиясы тууралуу маалымат берип, тургундардын суроолоруна жооп берүүгө аракет жасашкан.

Чаарат ЗААВ» компаниясынын өкүлү өндүрүштө цианид аз санда колдонуларын тастыктаган. Калган эки компаниянын өкүлдөрү технологияны үстүрттөн гана айтып беришкен.

Мындан улам тургундар нааразы болуп, компаниялардан өндүрүү ыкмасы тууралуу документтерди көрсөтүүнү талап кылышкан. Жергиликтүүлөр алтын казылып алынгандан кийин кандай зыяндуу заттар абага жана топуракка, экологияга бөлүнүп чыгышын ачыктап берүүсүн каалашкан.

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттары чогулушту 10-сентябрда улантууну макулдашып, тарап кетишкен.

Бирок жыйындан кийин депутаттардын бири Мырзабеков менен чырдаша кеткен. Мырзабековдун айтымында, депутат тартылган тасманы «монтаждабай, алгач ага көрсөтүп, кийин жарыялоону» талап кылган. Бирок мыйзам боюнча айылдык кеңештин депутаты журналисттерге мындай талаптарды коюга укуксуз.