Өлкөдө коронавирустун жаңы 377 учуру катталып, 402 бейтап айыкты

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясы

Республикалык штаб 27-ноябрда Кыргызстанда коронавирустун жаңы 377 учуру катталганын маалымдады. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында жети медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Чүй облусу — 127 (эки медкызматкер);

Бишкек шаары — 100;

Ысык-Көл облусу — 36;

Баткен облусу — 30 (үч медкызматкер);

Ош облусу — 26;

Жалал-Абад облусу — 22 (эки медкызматкер);

Талас облусу — 15;

Нарын облусу — 13;

Ош шаары — 8.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 402 бейтап айыкты — алардын арасында сегиз медкызматкер бар. Мындан сырткары ооруну жуктурган беш киши көз жумду.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 122, Чүй облусунда — 75, Баткен облусунда — 49, Жалал-Абад облусунда — 48, Ош облусунда — 44, Ысык-Көл облусунда — 26, Ош шаарында — 17, Талас облусунда — 11 жана Нарын облусунда — 10 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 71 548ге жетти. Анын ичинен 62 946 бейтап айыгып, 1 256 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 2 875 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 115 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 698 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.