Сүрөт: «Клооп»

Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы экинчи тынчтык жөө жүрүшү өттү. «Клооптун» кабарчылары маршка 400гө чукул киши катышканын айтышты. Алардын арасында президенттикке талапкер болгон Каныбек Иманалиев, Канат Исаев жана Равшан Жээнбеков бар.

Чогулгандар Бишкектеги темир жол бекетинен Ала-Тоо аянтына чейин басып келишти. Митингчилер «Мыйзамдуу мамлекет» деген ураан айтышты.

Алардын көбү «Ханституцияга каршыбыз», «Менин Конституциям — парламентаризм», «Светтик өлкө — ооба», «Конституциялык палата ойгон!» деп жазылган транспаранттарды кармап чыгышкан.

Сүрөт: «Клооп»
Сүрөт: «Клооп»
Сүрөт: «Клооп»

Акциянын катышуучулары Конституциянын долбоору артка кайтарылмайынча ар жекшемби сайын маршка чыгууну улантмакчы.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлуп, анын тексти Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган. Маалымат боюнча аны 80 депутат демилгелеген. Бирок кийин демилгечи катары аттары аталган бир нече депутат Баш мыйзамдык жаңы долбооруна кол койбогонун, аны окубаганын айтып, демилгечиликтен баш тартышкан.

Эксперттер менен юристтер сунушталган долбоор өлкөдө супер президенттик башкарууну алып келет деп коңгуроо кагышууда. Бирок жаңы долбоорду жактаган тескерисинче өлкөдө бийликтин жоопкерчилиги күчөйт деп ынандырышууда. Анткен менен эл аралык Венеция комиссиясы дагы Конституциянын жаңы долбоорун демилгелөөдө бир катар мыйзам бузуулар болгонун билдирди.

Учурда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 20-ноябрда түзүлгөн Конституциялык кеңешме талкуулап баштады. Ага негизинен Конституциянын авторлору жана долбоорду жактагандар кирген.

Бирок айрым саясатчылар, юристтер Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары 28-октябрда аяктаганын, мындан улам алар Баш мыйзамды өзгөртүүчү долбоор сунуштай алышпайт деген пикирде. Мындан сырткары конституциялык референдумду президенттик шайлоо менен бирге өткөрүү да легитимсиз экенин айтып келишет.