Бишкекте жер тамда өрт чыкты. Видео

Бишкек шаарынын Горький көчөсү №86 дарегинде жайгашкан турак үйдөн 30-ноябрда эртең менен өрт чыкты. Аны өчүрүүгө эки бөлүм тартылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыма кызматы билдирди.

Ага ылайык, тилсиз жоону өчүрүү үчүн алгач саат 8:32де бир бөлүм, андан кийин жарым сааттан соң экинчи бөлүм тартылган. Министрлик турак жайдан чыккан өрт саат 10:16да толук өчүрүлгөнүн билдирди.

Өрттүн видеосу социалдык тармактарга тарады. Ырчы Кайрат Примбердиев жарыялаган видеодон алоолонгон жалынды көрүүгө болот. Ошондой эле, жеринде өрт өчүрүү кызматынын унаасы менен милиционерлер келген. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жеринде коомдук тартипти сактаган.

ӨКМ өрт эмнеден улам чыкканын жана канча аянтка жайылганы тууралуу кошумча маалымат берилерин эскертти.