ТИМ алдыдагы реформаларды ишке ашырууга финансылык колдоо сурап БУУга кайрылды

Сүрөт: КР ТИМи.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 27-ноябрда БУУнун агенттиктеринин Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда Казакбаев БУУдан алдыда Кыргызстанда болуучу реформаларды ишке ашырууга жана жарандарды COVID-19га каршы вакцина менен камсыздоодо финансылык колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

Реформаларды каржылоо

Казакбаевдин айтымында, Кыргызстан өлкөдө реформа жүргүзүү үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосуна абдан муктаж. Ал белгилегендей, укук коргоо органдарында, сот системасында, мамлекеттик кызматта, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында реформа жүргүзүү пландалууда.

«Кадрларды даярдабасак мамлекеттик кызматты реформалоо натыйжа бербейт. Бул маселени ишке ашырууда, адамдык, интеллектуалдык жана финансылык ири ресурска ээ болгон БУУ дагы маанилүү роль ойнойт. Андыктан жогоруда айтылган иштерди жүзөгө ашыруу үчүн алдыңкы, дүйнөлүк тажрыйбага ээ болгон эксперттерди тартууга көмөк көрсөтүүнү өтүнөм», — деп айтылат ТИМдин Казакбаевге таянып келтирген пресс-релизинде.

БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело БУУнун Кыргызстандагы түзүмдөрү ак ниет башкаруу жана мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу боюнча программасын 2022-жылга чейин ишке ашыруунун үстүндө буга чейин эле иштеп келе жатканын белгиледи.

COVID-19га каршы вакцина сатып алуу

Ал ДССУнун Кыргызстандагы өкүлүнө жарандарды COVID-19га каршы вакцина менен камсыздоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

«COVID-19га каршы вакцинанын глобалдык жетишсиздигинен улам, Кыргызстан оор абалда калуу коркунучу болгондуктан, КРнын жарандарын клиникалык-тестирлөөдөн өткөн вакцина менен ыкчам камсыздоого кол кабыш кылууну өтүнөм», — деди Казакбаев.

БУУнун өнүгүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен БУУнун Кыргызстандагы мекемелери COVID-19га каршы күрөшүү программасы аркылуу 48,3 млн доллар тартып келгенин билдирди. БУУнун өлкөдөгү командасы бул максаттарга кошумча 56,4 млн доллар тартып келүүгө кудурети жетет, бирок «мындай иштин илгерилеши кыргыз тараптан көз каранды» деп кошумчалады Чемберлен.

«Бул БУУнун эл аралык конвенцияларынын жана келишимдеринин алкагында алынган өлкөнүн милдеттерин так аткаруу жана ишке ашырууга умтулуу, демократиянын принциптерин бекем кармануу», — деп белгиледи ал.

Анын айтымында, коронавируска каршы күрөшүү программасынын каражаттарын саламаттык сактоого, калкты социалдык жактан колдоого жана экономиканы калыбына келтирүүгө багыттаса болот.

Казакбаев Кыргызстан буга чейин алган эл аралык милдеттери менен келишимдерин жактоодон баш тартпай тургандыгын БУУнун өкүлдөрүнө ишендирип өттү.

Пандемия, экономикалык жана саясий кризистер

Коронавирус пандемиясы жана саясий кризис өлкөдө экономикалык коллапс пайда кылды. Өлкөнүн бюджети рекорддук 35,6 млрд доллар тартыштык менен кабыл алынды. Көпчүлүк ишкерлер локдаундан кийин азыркы күнгө чейин калыбына келе албай жатышат. Өлкөдө негизги азык-түлүктөргө болгон баалар жогорулап, доллардын куну кескин өстү.

Натыйжада Кыргызстан кайрадан эле эл аралык донорлорго жардам сурап кайрыла баштады. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, эл аралык донорлор өлкөгө 343,3 млн доллардан ашык каражат бөлгөн. Бул каражаттын басымдуу бөлүгү мамлекеттик бюджетти колдоого, айлык маяна, пенсия жана жөлөк пулдарды төлөөгө жумшалган.

2021-жылы Кыргызстанда кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өтүшү күтүлүүдө. Буга чейин 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы 6-октябрга караган түндөгү тополондон улам жокко чыгарылган. Шайлоолорду өткөрүүгө ири өлчөмдөгү каражат керектелет, өлкөдө андай каражат жок. Ал арада 12-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоону өткөрүүгө финансылык жардам көрсөтө тургандыгын билдирген.