Конституциялык палата референдум өткөрүү Баш мыйзамга каршы келбейт деген чечим чыгарды

Конституциялык палатанын судьялары активисттер жана «Реформа» саясий партиясынын парламенттик шайлоону жылдыруу жана конституциялык реформа жүргүзүү мыйзамсыз деген доо арызы боюнча кабыл алынган чечимди угузду.

Ага ылайык, судьялар доогерлердин арызын канааттандырган жок. Ошондой эле бул чечим акыркы экени, даттанууга жатпай турганы айтылды.

Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев өкүмдү окуп жатып, коомдук талкуусу жок шашылыш мыйзам кабыл алууга болорун белгиледи.

«Мыйзам чыгаруу процессинин негизин түзгөн коомдук талкуу, оперативдүү мыйзам чыгарууга тоскоол боло албайт. Талашка түшкөн мыйзам мамлекеттик органдардын ачыктык жана жоопкерчилик принциптерин бузуу менен кабыл алынган, ошондой эле аны кабыл алуу процедуралары сакталган эмес, ошондой эле коомдук талкуусуз кабыл алынганы, муну менен Конституциянын нормалары бузулганы тууралуу ой ката болуп саналат», — деди Дүйшеев.

Отурум кандай өттү

Доогер тарап:

  • Конституциялык палатага парламенттик шайлоону артка жылдыруу жана конституциялык реформа жүргүзүү боюнча кабыл алынган мыйзам Конституциянын нормаларына туура келбейт деп эсептеген үч доогер кайрылган. Алардын бири «Реформа» партиясы.
  • Алар парламент мындай чечимди Конституцияны жана башка мыйзамдарды бузуу менен кабыл алган деп эсептешет — депутаттар мыйзам долбоорун элге жарыялагандан кийин дароо үч окууда тең кабыл алышкан. Доогерлер жарандардын мыйзамды талкуулоого катышуу укугу бузулган деп эсептешет.
  • Ошондой эле, документ кабыл алынган күнү айрым депутаттар үчүн кесиптештери ишеним кат аркылуу добуш берген. Эгерде бул чын болсо, бул мыйзам бузуу деп саналат, анткени мыйзам долбоору конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу болгон жана мындай маанилүү документке ишеним кат аркылуу добуш берүүгө мыйзам жол бербейт.

Жоопкер тарап:

  • Парламенттин жана президенттик аппараттын өкүлдөрү кабыл алынган мыйзам дагы, парламенттин иш-аракеттери дагы Конституцияга каршы келебйт деп эсептешет.
  • Алар мыйзамдын тез арада, бир учурда үч окуудан тең кабыл алынышын өлкөдөгү өзгөчө абал менен байланыштырууда —саясий абал курчуп турган, өлкөдө коронавирус пандемиясы күч алган. Мыйзам конституциялык реформа жүргүзүү жана өлкөдөгү абалды жөнгө салуу үчүн кабыл алынган. Парламенттик шайлоо акча каражаты жоктугунан артка жылдырылган. Ал эми президенттик шайлоо өткөрүү негизги маселе, анткени өлкө башкаруучу жок калат.
  • Жоопкерлер документ кабыл алынган күнү бардык депутаттар бир гана өздөрүнүн атынан добуш беришкен деген пикирди карманышкан.