Кыргызстанда коронавирус дагы 335 кишиден аныкталды — жалпы 73 513 учур

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясы

Республикалык штаб 2-декабрда Кыргызстанда коронавирустун жаңы 335 учуру катталганын маалымдады. COVID-19ду жуктургандардын арасында 12 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Чүй облусу — 107 (эки медкызматкер);

Бишкек шаары — 84 (үч медкызматкер);

Ош облусу — 35 (үч медкызматкер);

Ош шаары — 28;

Ысык-Көл облусу — 25;

Баткен облусу — 22 (эки медкызматкер);

Жалал-Абад облусу — 17 (бир медкызматкер);

Нарын облусу — 15;

Талас облусу — 2 (бир медкызматкер).

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 478 бейтап айыкты — алардын арасында 15 медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 113, Чүй облусунда — 100, Жалал-Абад облусунда — 66, Ысык-Көл облусунда — 64, Ош облусунда — 56, Баткен облусунда — 47, Талас облусунда — 18, Ош шаарында жана Нарын облусунда жетиден бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары Бишкек шаарында жана Ош облусунда коронавирусту жуктурган эки киши көз жумду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 73 513кө жетти. Анын ичинен 65 189 бейтап айыгып, 1 277 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 2 651 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 119 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 600 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.