Ошто жол кырсыгынан эки киши каза таап, беш адам ооруканага түштү

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында 3-декабрга караган түнү үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып эки адам каза болду. Ал эми беш жүргүнчү ооруканага түштү.

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов билдиргендей, түнкү саат 1:00 чамасында Ош — Ноокат жолунда карама-каршы тилкеде бара жаткан эки «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаалар кагылышып кеткен.

Ал эми унаалардын артында келе жаткан «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кагылышуудан качууга аракет кылып башкарууну жоготуп койгон — ал тоонун боорун сүзүп токтогон.

Жол кырсыгынан «Хонда Фит» унааларынын биринин айдоочусу жана жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми калган эки унааладагы жалпы беш жүргүнчү түрдүү жаракаттарды алышкан.

«Каза болгон айдоочу 25 жаштагы жигит экендиги такталды. Мерт болгон жүргүнчүнүн өздүгү аныктала элек», — деди Тавакалов.

Учурда кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

10 күн мурда ушул эле Ош — Ноокат жолунда эки унаа кагылышып, жүргүнчү катары бара жаткан 47 жаштагы аял киши окуя болгон жерде каза болгон.

Ал эми Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросунун танатология бөлүмүнүнүн маалыматына ылайык, жалпысынан 11 ай ичинде моргго жол кырсыгынан каза болгон 30дан ашык адамдын сөөгү келип түшкөн.