Өлкөдө COVID-19 дагы 401 адамга жукту, беш адам көз жумду

Республикалык штаб 5-декабрда Кыргызстанда коронавирустун жаңы 401 учуру катталганын маалымдады. COVID-19 жуктургандардын арасында алты медицина кызматкери бар.

Аймактар боюнча:

Чүй облусу — 133 (бир медик);

Бишкек шаары — 99 (эки медик, бири кызыл зонада иштеген);

Ош облусу — 22;

Ош шаары — 20;

Ысык-Көл облусу — 45;

Баткен облусу — 26;

Жалал-Абад облусу — 39;

Нарын облусу — 2;

Талас облусу — 15;

Мындан сырткары, Бишкек шаарында коронавирустан беш киши көз жумду.

Акыркы суткада оорудан 425 бейтап айыкты — алардын арасында 11 медкызматкер бар. Медиктердин төртөөсү стационарда, ал эми жетөөсү үй шартында дарыланган.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 124 , Чүй облусунда — 102, Жалал-Абад облусунда — 60, Ысык-Көл облусунда — 40, Ош облусунда — 11, Баткен облусунда — 53, Талас облусунда — 16, Ош шаарында — 10 жана Нарын облусунда тогуз бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын жалпы саны 74 774кө жетти. Анын ичинен 66 538 бейтап айыгып, 1290 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 2 616 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 110 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 515 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.