Исфанадагы аэропортко Исхак Раззаковдун аты ыйгарылды

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Баткен облусунун Исфана шаарындагы аэропортко белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды. Реконструкцияланган аэропорттун ачылыш аземине премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков катышты.

Исфанадагы аэропорт 1974-жылы пайдаланууга берилген. Ал эми 2019-жылы Жарандык авиация агенттигинин комиссиясы аэродромдун сертификациялык талаптарга шайкештигин текшерген учурда кемчиликтер аныкталып, аэродромдун пайдаланууга жарактулугу боюнча сертификаты узартылган эмес.

Мындан улам өткөн жылдын апрель айынан тарта Бишкек — Исфана — Бишкек каттамдар токтотулган.

«Аэровокзалдын жаңы имаратынын курулушунан жана аэродром элементтерин реконструкциялоодон соң аэропорт жарактуулук Сертификатына ээ болуп, Кыргызстандын Авиацялык эрежелеринин талаптарына ылайык, пайдаланууга берилди. Бул аэропорт калкка 45 жылдан ашуун кызмат кылды. Реконструкциядан соң, ал элге дагы көптөгөн жылдар бою кызмат кылаарына ишенем», — деди Новиков.

Анын айтымында, жыл сайын өлкө боюнча эки миллиондон ашуун адам учак менен учуп, 22 миң тонна жүк ташылат.

Новиков ошондой эле, Исфана шаарында тургузулган Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюп, белгилүү мамлекеттик ишмердин музейине барды.

Анткен менен, соцтармактардын айрым колдонуучулары аэропорттун жаңы аталышында грамматикалык каталарды байкашты. Фейсбуктун колдонуучусу Шайырбек Эркин аэропорттун аталышын «Исхак Раззаков атындагы аэропорт» же «Исхак Раззаков аэропорту» деп жазуу туура болоорун билдирди. Учурда аэропорттун кире беришинде «И. Раззаков атындагы аэропорту» деген жазуу илинген.

Жаңыланган аэропорт кут болсун, лейлектик туугандар! Бирок ушунча жазгандан кийин төрт тамганы аябай Исхак атабыздын...

Опубликовано Шайырбеком Эркиным Понедельник, 7 декабря 2020 г.

Исхак Раззаков Кыргызстандын тарыхындагы белгилүү саясатчыларынын бири. Ал 1945-1950-жылдары Кыргыз ССРдин Министрлер Советинин төрагасы, ал эми 1961-жылга чейин Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон.

Быйыл Кыргызстанда Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленген.