Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда 2019-жылга карата психикалык ооруларга туш болгон 10 миң киши каттоодо турган. Адатта психологдорго аялдар кайрылып келишсе, Ош облустук психикалык ден соолук борборуна кайрылган эркектердин саны пандемиянын шартында өскөн. «Клооптун» журналисти Мээрим Бусурманкул кызы буга эмне түрткү болгонун, алар кайсы көйгөйлөр менен кайрылып жатышканын изилдеп көрдү.

«Адамдар туура эмес түшүнүп, кийин балдарымды шылдыңга алабы деп ойлонот экенсиң»

Ош облустук психикалык ден соолук борборунда дарыланып чыккан Баткендин тургуну [аты-жөнү анонимдүү болуусун өтүндү — ред.] алгач аны дарыгерлер наркологияга жаткырышканын айтат.

«Наркологиядан менин жагдайым өзгөргөн жок. Жүрөгүмдөгү маселе тынчтык берген жок. Чынын айтканда мен психикалык жактан ооруп, дарыгерлерге кайрылам деп ойлогон эмесмин. Дарыгер психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасына кайрылуумду айканда, бул сөздү өтө оор кабыл алдым», — дейт ал.

Анткен менен досу психикалык ден соолук борборунда «акыл-эси соо кишилер да, психикалык жактан эс алуу үчүн» кайрылышат деп кеңеш берген.

«Менин каржылык жактан маселем жок. Болгону кичинемден ар бир нерсени өтө жакын кабыл алган адатым бар. Анткени жаштайымдан ата-энем ажырашып, үй-бүлө түйшүгү жалгыз менин мойнумда болгон. Үйдүн улуусу мен болчумун. Бир топ жетишпестикте чоңойдум», — деп түшүндүрдү бейтап.

Психолог Дөөлөткан Кабыкованын айтымында, эркектер адатта эл ичиндеги стереотиптерден улам кайрылбай келишкен. Бул өз кезинде алардын физикалык саламаттыгына доо кетирип, алардын арасында өмүрү менен кош айтышкандар да болгон.

«Эркектер намыстанып келишпейт болчу. Аларды бала чагынан “ыйлаба”, “кызсыңбы?”, “эркексиңби?” деген сөздөр менен тарбиялагандыктан көп нерсени ичине катып, сыртына чыгара беришпейт. Ошол себептен 45 жаштан кийин эркектерде жүрөк кан-тамыр ооруларына, инсульт, нерв ооруларына кабылгандар көбөйүп, натыйжада каза болуп калган учурлар да бар», — дейт ал.

Кабыкова инсандын калыптануу процессинде ата-эненин бири-бирине болгон мамилеси негизги ролду ойноорун айтат. Анын айтымында, бактылуу жубайларда, бактылуу үй-бүлөлөрдө психологго кайрылууга муктаждык жаралбайт.

«Бардык эле көйгөйдүн себеби үй-бүлөдө жатат. Ата-эненин жана үй-бүлөнүн уруш-талашы балага терс таасирин берип, бала ата-энесинин көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн жаман иштерге бара баштайт. Бардык көйгөйлөрдүн тереңинде үй-бүлөдөгү бактысыздык жатат», — дейт психолог.

Ошондой эле, дарыгер жашы 28ден 50гө чейинки бейтаптар менен баарлашууда, алардын балалык курагынан бери болгон окуяларды изилдейт. Изилдөөлөр адам билим алып, жашоодо өз ордун тапканы менен, балалыгындагы көйгөйлөрү чечилбеген боюнча калып кеткенин көрсөткөн.

Биздин каарман психикалык ден соолук борборунда дарылануу «жакшы натыйжа» бергенин айтат. Бирок, ал башкаларды оорунун алдын алуу үчүн психологдон кеңеш алып турууга чакырат.

«Дарыланып чыккандан кийин ооруканага жатканымды эч ким билбесе экен деп ойлоно берчү болдум. Анткени сырттагы адамдар туура эмес түшүнүп, кийин балдарымды шылдыңга алышы мүмкүн деп ойлоном», — дейт ал.

Коронавирустан улам психологго кайрылгандар көбөйдү

Ош облустук психикалык ден соолук борборунун клиникалык психологу Гүлбара Кулуеванын айтымында, эркектердин психологдорго кайрылууларынын себеби COVID-19 инфекциясына да байланыштуу. Анткени эркектер вирусту жугузуп алуу коркунучунан улам тынчсызданып, бул психикалык саламаттыкка таасирин тийгизген.

Аты-жөнүн ачык айтууну каалабаган каарманыбыз Ош шаарында жашайт. Ал карантин убагында психологдон онлайн консультация алган. Буга коронавирус жугузуп, изоляцияда болгону себеп болгон.

«Коронавирус инфекциясын жугузуп алганда абдан ойлонуп, депрессияга түштүм. Ошол убакытта бейтап сакайганга чейин бир бөлмөдө, эч жакка чыкпай дарылануусун айтып жатышты, бул андан бетер стресске алып келет экен. Мен жашоого болгон кызыгуумду жоготуп, өз өмүрүмө кол салгым келгендей абалда болдум», — дейт тургун.

Бейтап психологго кайрылып, жагдайын айтып берген. Психологдун кеңеши менен күнүнө эртең менен таза абада сейилдеп, жаратылышка чыгып турган. Депрессиялык абалдан ушинтип чыктым дейт ал.

Эркектер психологго гана эмес, кризистик борборлорго да кайрылашат. Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарийка Асилбекова эркектер көбүнесе үй-бүлөлүк маселелерди айтып кайрылышарын белгиледи. Мындан сырткары кээ бир учурда юридикалык кеңеш алып турушарын айтат.

Анткен менен, Асилбекованын айтымында, менталитеттин айынан эркектер мындай борборлорго кайрылуудан тартынышат.

«Биздин борбордо аял кишилердин маселеси чечилгенге чейин жашап турууга болот, ал эми учурда эркек кишилер үчүн мындай борболор Кыргызстанда жокко эсе. Мындан бир канча жыл мурун Бишкекте ачылып, кайрылуулардын аздыгынан кайра жабылып калган», — дейт Асилбекова.

Эркектерди көбүнчө үй-бүлөлүк маселелер түйшөлтөт

Психолог Дөөлөткан Кабыкова Асилбекованын сөзүн ырастайт. «Эркектер үй-бүлөлүк маселелер менен көп кайрылышат. Негизинен жубайлар ортосунда жана аялы менен апасынын ортосундагы келишпестик, аялынын ашыкча кызгаанчактыгы, мисалы интернеттеги жазышуулар ашыкча кызганууну жаратып, ал ажырашууга чейин алып барат», — деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, ата-энелер өспүрүм эркек балдарды да көп алып келишет. Кабыковага жакында эле кайрылган үч өспүрүм негизинен атасы менен пикири келишпей, чыр-чатактан улам өз өмүрлөрүнө кол салууга аракет жасашканын айтышкан.

«Булар каржылык жактан жакшы эле камсыздалган үй-бүлөнүн балдары экен. Аталары балдардын жан дүйнөсүнө көңүл бурбай, баладан “биз сени окутуп жатабыз”, “биз сени кийинтип, ичирип жатабыз”, “сен мындай болушуң керек” деп талап гана кыла беришкен. Бала тарбиялоо бул талап кылуу менен гана чектелбейт. Тарбия берүүнүн артында сүйүү, мээримдүүлүк болуусу абзел», — деп түшүндүрдү психолог.

Мындан сырткары Кабыкова психологго кайрылган «эркектерди коомдо алсыз» деп атагандар жаңылышарын айтты. Анын пикиринде, психологго кайрылуу бул — акылмандуулукка кирет.

Редактору: Зарина Маматжанова