Аксы районунда бала бакча күйүп кетти

Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сыны айылында №26 «Айданек» бала бакчасы күйүп кетти. Аталган имарат 76 балага ылайыкталган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, өрт 8-декабрга караган түнү чыккан. Окуя болгон жерге бир өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, тилсиз жоо үч саатта өчүрүлгөн.

«Турмуш» басылмасы өрттүн кесепетинен жыгач конструкциялардан тургузулган имарат менен кошо анын ичиндеги мүлктөр жана эмеректери күйүп кеткенин кабарлады. Жалын жалпысынан 784 чарчы метр аянтка жайылган.

ӨКМ өрттүн себебин аныктап жатат. Өрттөн эч ким жабыркаган эмес.

Буга чейин, 7-декабрда, Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы мектепте өрт чыккан. Тилсиз жоо мектептин эки корпусун толугу менен жараксыз кылды.