Жасалма уруктандыруудан боюна бүтпөй калган аялдар нааразычылык акцияга чыкты

Бишкекте 9-декабрда жасалма уруктандыруучу Ankalife клиникасынын кызматынан пайдаланган аялдар нааразычылык акциясына чыкты. Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген ондогон аял жасалма уруктандыруу натыйжалуу болбогонуна даттанышууда.

Мындан улам алар компания аталган процедура үчүн алган акчасын кайтарып берүүнү же кенемте төлөөнү талап кылышууда. Алардын айтымында, чогулгандардын 90%ында жасалма уруктандыруудан натыйжа болгон эмес.

Аялдар 8-декбарда да, акцияга чыгышып, процедурага 300 миң сомдон ашык акча кеткенин айтышкан. Алар бул үчүн үйлөрүн, унаа жана мал-жандыктарын сатып каражат тапканы менен эч кандай жыйынтык болбогонуна ызаланышты.

«Өзүм сегиз миң айлык алам. 300 миң акчаны мен кантип тапмак элем, балалуу бололу деп үйүбүздүн жарымын сатканбыз. Бул компания кайдыгер карап койду, аталган акча биз үчүн жөнөкөй акча эмес», — деди чогулгандардын бири Айнура.

Ал 33 жашта экенин, жолдошу менен бир канча аракеттен соң каражат таап Жалал-Абад облусунан атайын жасалма уруктандырууга келгенин кошумчалап, ал сыяктуу «акчасына күйгөн» аялдар аймактарда ондоп саналаарын белгиледи.

Нааразычылык акциясына чыккандардын арасында буга чейин төрөгөн аялдар да бар. Эки баланын энеси үчүнчү перзентин 12 жыл күтүп клиникага кайрылганын билдирди.

Анын айтымында түйүлдүк «жакшы» өрчүп жаткан, бирок бир аз убакыттан соң аялдын жатын түтүгү жарылып кетип ооруканага түшкөн.

«Шок абалында эсимди жоготуп ооруканага түштүм. Операция менен трубамды алышты. Учурда дарыланып жатабыз. Акчаны деле көзүнө карабай үмүт менен кайрылган болчубуз», — деди ал.

Ал эми Ankalife клиникасынын жетекчиси Жахангир Чакажи жасалма жол менен балалуу болуу 100дөн 40 пайыз арасында экенин айтып, мындан кардарлардын кабары болгон дейт.

Ал тобокел учурлары келишимде көрсөтүлгөнүн, буга аялдар өздөрү макул болушканын кошумчалады.

«Ийгиликтүү болгон учурлар да бар. Бул аялдын курагы жана саламаттыгынан көз каранды. Ошондуктан биз эч кимге 100 пайыз кепилдик бербейбиз. Чет өкөлөрдө деле ушундай», — деп түшүндүрдү ал.

Ал эми аялдар учурда акыйкат издеп, укук коргоо органдарына кайрылышаарын билдирди.

Жасалма уруктандырууда түйүлдүк инкубатордо уруктандырылып, андан соң аялдын жатынына салынат.


Өлкөнүн улуттук репродукция борборунда жасалма уруктандыруу программасы 2016-жылы башталган. Кыргызстанда бул багытта бир нече фирма иш алып барат.