Депутат Бекешев Матраимовдун «Магнитский тизмесине» киргизилиши тууралуу

Депутат Дастан Бекешев 10-декабрда өткөн отурумда экс-бажычы Райымбек Матраимовдун «Магнитский тизмесине» киргизилиши боюнча пикирин айтты. Анын айтымында, бул тизме «ушул адамдар менен иш алып барбаш керектигин» билдирет.

«Бизде ал тууралуу жаман сөз такыр айтпаган комиссиялар болгон. Парламентибизде аны колдоп, ал адам элге кызмат кылган деп айтышкан. Ушундай адамдарды бизде колдошуп, ал тургай укук коргоо органдары дагы бул адамга иштешкен. Азыр бизде кандай? Аны мактаган адамдардын бардыгы бир иш менен байланышкандар. Люстрацияга, жада калса моралдык люстрацияга эч ким кирген жок», — деп айтты Бекешев.

Ошондой эле эл өкүлү Матраимов 2 млрд сом төлөп берүүгө макул болгонуна карабай мүлкү камакка алынбаганына нааразы болду.

«Тилекке каршы, ушундан улам өлкөбүз жакырчылыкка баратат. Калктын 50% кедейликтин чегинде жашайт, саясатта жүргөн аз гана бөлүгү, калктын 0,1%ы калктын кедей 50%ынын эсебинен байып жатат. Мындай адамдарды колдогондун ордуна жөнөкөй жарандарыбызды колдошубуз керек», — деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, Кыргызстанда бийлик акылдуу жана ийгилик жараткан адамдарды колдогондун ордуна өз кызыкчылыктарын гана сүрөмөлөйт.

«Эмне үчүн Кыргызстанда ийгиликтүү, акыл-эси менен акча тапкан, мектеп ачкан, ийгиликтүү компанияларды ачып, көп жумуш орундарын түзгөн адамдарга колдоо көрсөтүлбөйт? Анткени бизде саясий элита калыптанган эмес, бизде ал жок. Бизде саясатта жүргөн адамдардын көбү жеке кызыкчылыктарын гана сүрөмөлөшөт», — деди Бекешев.

Матраимов жана «Магнитский тизмеси»

«Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранты Райымбек Матраимов 9-декабрда Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө «Магнитский тизмесине» киргизилди.

Матраимов аталган тизмеге киргизилгени тууралуу маалымат АКШнын Каржы министрлигинин сайтында жарык көргөн. Матраимовго карата учурда кандай санкциялар колдонулары азырынча белгисиз, бирок буга чейин алардын ичинде АКШга кирүүгө визалык чектөө, жада калса Американын банктарынан финактивдерди бөгөттөө чаралары дагы болгон.

«Матраимов жемкорлук, анын ичинде мамлекеттик активдерди мыйзамсыз ээлеп алуу, өз кызыкчылыгы үчүн жеке менчик активдерди тартып алуу, мамлекеттик келишимдер же кен байлыктарды иштетүүгө байланышкан жемкорлук, паракорчулук менен же түз, же кыйыр алектенген, же аларга жооптуу, же катыштыгы бар учурдагы же мурдагы мамлекеттик кызматты ээлеген чет элдик жаран катары көрсөтүлдү», — деп айтылат АКШнын Каржы министрлигинин маалыматында.

*Магнисткий тизмеси — кылмышкерлер менен коррупционерлер киргизилген санкциялык тизме. Ал салыктарды мыйзамсыз кайтаруу аркылуу бюджеттик каражаттарды уурдоо тууралуу айтып бергенден кийин кармалып жана каза тапкан орусиялык аудитор Сергей Магнитскийдин ысымы менен аталган.