Башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүүнү парламент жактырды

Парламент референдум тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Ал мыйзам долбоорунда жарандар президенттик же парламенттик башкаруу формасына добуш бере турган референдумду өткөрүү тууралуу жазылган. Референдумду кезексиз президенттик шайлоо өтө турган күнү — 10-январда өткөрүү пландалууда.

Референдум жөнүндөгү мыйзамга добуш берүү:

  • Отурум башталганда эле Дастан Бекешев менен Өмүрбек Текебаев күн тартибине референдум жөнүндөгү мыйзам долбоорун киргизүүгө болбой турганын айтышкан. Алардын айтымында, бул регламентти бузуу болуп саналат. Бекешев мыйзам долбоорун алгач профилдик комитет карашы керек десе, Текебаев долбоорду экинчи окууда кароо үчүн, бери дегенде 10 күн өтүшү керектигин эскертти. Эл өкүлдөрүнүн аргументтерине карабай документ күн тартибинен алынган жок. Буга чейин 9-декабрда депутаттар аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Бекешев менен Текебаев каршы добуш берген.
  • Депутаттар мыйзам долбоорду кароого күндүн аягында киришти. Алар бул документти кароо үчүн иш убактысын атайын узартышкан.
  • Вице-спикер Мирлан Бакиров мыйзам долбоору профилдик комитет тарабынан каралганын жана Бекешевдин сын-пикирлери эске алынарын билдирди. Мыйзам долбоорго бир аз гана өзгөртүүлөр киргизилди. Бюллетенге «Баарына каршы» графасы кошулду.
  • Добуш берүү төмөнкүдөй жол менен өттү: мыйзам долбооруна каршы чыккандар кол көтөрүшү керек болгон, ал эми кол көтөрбөгөн депутаттар аталган мыйзам долбооруна автоматтык түрдө добуш берген болуп саналган. Мыйзам долбооруна макул деп 60 депутат добуш берди, ал эми ага каршы төрт депутат — Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашова жана Каныбек Иманалиев добуш берди.
  • Дастан Бекешев жана Наталья Никитенко отурумда бир нече жолу сөз сүйлөп, референдум зарыл эместигин түшүндүрүштү. Бекешев бул референдумдан эл гана жабыр тартарын айтса, Никитенко маселе башкаруу формасында эмес, чечимдерди кабыл алган адамдарда экенин белгиледи. Никитенконун айтымында, парламент 2010-жылдагы Конституцияда жазылган ыйгарым укуктарын пайдалана алган эмес жана көп учурда «президенттик администарцияга караштуу катчылык» кызматын аткарган. Ушул себептен дагы адамдар президенттик башкарууну колдоп добуш берет деди ал.
  • Мыйзам долбоорун колдогон депутаттар жалпысынан эл тандаш керек, анткени бийликтин баары элдин колунда деген билдирүүлөрдү жасап жатышты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Акылбек Жапаров референдум менен президенттик шайлоону чогуу өткүрүүнү акча үнөмдөө үчүн сунуштаганын айтты. Анын ою боюнча, толкуундоолордон кийин өлкөнүн жарандарын дал ушул маселе тынчсыздандырып келет.

Райымбек Матраимовду талкуулоо:

  • Дастан Бекешев Райымбек Матраимовдун иши боюнча эч кандай чара көрбөгөн бийликти сынга алды. Сөзүнөн кыскача үзүндү келтиребиз: «Кечээ 9-декабрь болчу, Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленди. Биздин бир жараныбыз Райымбек Матраимов «Магнитский тизмесине» кирди. Бул тизме, ушул адамдар менен жакындашууга болбойт деген көрсөтмө. А биздечи, эстеп көрсөк, бул адам тууралуу бир жаман сөз айтпаган комиссиялар болгон. Парламентте аны колдоп, эл үчүн кызмат кылып жатат деп айтышкан. Мындай адамдарды бизде колдоп келишти, керек болсо укук коргоо органдары аларга кызмат өтөдү. Азыр эмне болду? Аны мактаган адамдардын баары кызматка келди. Эч ким люстрацияга кабылган жок, керек болсо моралдык да люстрация болгон жок. Анткени баары аралашкан. Ал киши өзү тергөө менен кызматташып, 2 млрд сом төлөп берем деп жатса, бийлик жок дегенде мүлкүн арестке алган жок. Мындай болгон жок да?!. Бул дагы коррупциялык келишим».
  • Вице-спикери Мирлан Бакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун билдирүүсүнө жооп берди. Элчи бийликтин уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш боюнча кадамдары жетишсиз экенин айткан. Ал мындан тышкары Райымбек Матраимов менен Камчыбек Көлбаевди да белгилеп өткөн. «Акыркы мезгилде, 28 жылдык дипломатиялык тажрыйбасы бар элчибиз Дональд Лу мамлекеттин ички иштерине аралашып, сот жана тергөө иштерине таасир эте тургандай билдирүүлөрдү жасап жатат. Ал боюнча Тышкы иштер министрлиги өзүнүн жообун үстүртөн берди. Ал кишинин пикири бир мамлекеттин пикири катары бааланат. Мен Конвенциядан үзүндүнү цитата келтирейин, ал эки тарап менен тең ратификацияланган. Башка өлкөлөрдүн дипломаттары алар турган мамлекеттин мыйзамдарын жана токтомдорун урматтоого милдеттүү. Алар ошондой эле өлкөнүн ички иштерине кийлигишпеши керек. Бул ички маселе жана парламенттин ыйгарым укуктары», — деди Мирлан Бакиров.